COVID-19 илдети Тажикстандын кыргыздар байырлаган Жерге-Тал аймагына да жетти. Бул тууралуу дээрлик он жыл мурда Жерге-Талдан келип, Кыргызстанга отурукташып калган жазуучу Аким Кожоев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Тажик бийлиги аймактан вирус чыкканын расмий ырастай элек.
ЖИА ишкерлер ассоциациясы пандемия убагында ишкер чөйрө көп жабыр тартып жатканын эскертүүдө. Анын ичинде туризм тармагынын кирешеси нөлгө түшүп калганы кабарланды.
Ош облус аралык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кадырбек Аталиев учурда COVID–19 илдетине чалдыккан бейтаптарды кесиптештери менен бирге дарылап жатат.
Ушу тапта дүйнөдө COVID-19га каршы келечеги бар деген ондогон вакциналар жасалууда. Айрымдары клиникалык сыноодон өтүп, дары түтүк айнекте же жаныбарларга сыналбастан, адамдарга берилүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринде коронавирус аныкталганы тартип сакчыларын кооптонтуп турган кези.
Швеция - коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө киргизбеген Европадагы жалгыз мамлекет. Анын баш калаасы Стокгольмдо жашаган журтташыбыз Алтын Абдрахманова Швециядагы азыркы абал тууралуу «Азаттыкка» айтып берди.
Кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытовдун музасы, жубайы, Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова менен маек.
Коронавирус алгач тараган Кытай мамлекетинде бул илдет жуккандар күндөн-күнгө азайып баратат. Жашоо кадимкидей өз калыбына келүүдө. Ал жактагы абал тууралуу Нанкин технологиялык институтунда мугалим болуп иштеген Каниет Курманбек уулу ой бөлүштү.
Дарыгерлердин экинчи тобу 30-мартта Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына жөнөп кетти. «Азаттык» Бишкектен Жалал-Абадга барып, азыр Аксы аймактык ооруканасында иштеп жаткан инфекциолог Жаркын Ибраеваны кепке тартты.
АКШда иштеп жүргөн онколог, медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.
Кыргызстан 22-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режиминде жашап жатат.
Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз