“Хабитат” фондунун башкы директору Марат Жийбедаев, коомдук байланыштар боюнча адиси Данияр Ашымов менен байкоочулар кеңешинин төрагасы Базарбек Чалов “Азаттыктын” Прага студиясында талкууга катышты.
Демократтык козголуш кантип туулду?(2-бөлүк)
Демократтык козголуш кантип туулду?(1-бөлүк)
Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрү эки өлкөгө каттоо үчүн беш жылдык виза боюнча жаңы макулдашууга өткөн айда кол коюшту. 28-апрелде Вашингтондо Кыргызстанга беш жылдык визаны америкалык жубайлар асырап кеткен Эмили деген кыргыз кыз ата-энеси менен алса, Бишкекте АКШнын элчилиги жарандык активист Зейнеп Дыйкамбаевага жаңы виза берди. Эскерте кетчү нерсе – беш жылдык виза өлкөдө такай калууга жана иштөөгө уруксат бербейт. «Өңүт» программасында Кошмо Штаттарга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок мыйзамсыз жүргөн миңдеген мекендештерибиз кантип легалдашса болот деген суроого кайрылат.
Экинчи Дүйнөлүк согушта нацисттик Германия жеңилгенине 9-майда 70 жыл толду. Ал арада эки муун толук алмашты. 1945-жылы туулгандар ак сакал карыя жана балпайган байбиче болду.
8-майда Европа өлкөлөрү нацисттик Германиянын жеңилгенинин жана Экинчи Дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 70 жылдыгы белгилешти. Тарыхчылар бул алааматта 50-70 млн. чейин адам өлгөн дешет. Согуш 1939-жылы 1-сентябрда гитлердик аскерлердин Польшага басып кирүүсүнөн башталып, алты жыл бир күнгө созулган. Немис эли согуш үчүн өз жоопкерчилигин сезеби?
Европа өлкөлөрүндө автобустун айдоочулары кандай тандалат? Алар алыс сапарда жүргөндө кандай эс алышат? Жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочунун күбөлүгү (лицензиясы) канча турат? Бул суроолорго айдоочулар өздөрү жооп берет.
Европалык айдоочулардын иш-тартиби
Күздө Жогорку Кеңешке болчу парламенттик шайлоого бөтөн мамлекеттин букаралыгын алган, бирок кыргыз паспортун төшүндө медердей сактап жүргөн адамдар катыша албайт.
Бириккен улуттар уюму экстремисттик топтордун "сексуалдык кылмыштары" согуш тактикасына айланганын айыптады.
Дагы жүктөңүз