Өзбекстандын өкмөтү кирешелүү Coca-Cola ишканасындагы өз үлүшүн сатуунун кам-чомун көрүүдө. Сатууга чейинки окуялардын сабагы көптөрдүн эсинде кыйлага сакталчудай болуп турат.
Тун наристесин кайын журту багып алган эненин абалы кандай болот?
Тажикстанда кармалган кыргызстандык оор жүк ташуучу он чакты автоунаанын бир бөлүгү коё берилди. Кыргызстандын Акыйкатчысы муну барымта катары баалаган эле.
Июнь айынын башында сот чечими менен Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Анын мэриядагы коррупциялык схемага тиешеси бар экени айтылган. Амантуровдун иши УКМКда тергелип жаткан учурда атайын кызматтын имаратын айланта асфальт төшөлүп жатты.
Ош шаарында чырдан улам атайын кызматтын ыкчам кызматкери каза болду. Шектүүлөр кармалды, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Дагы бир ири камоо. Канадалык "Центерра" компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кениндеги мөңгүлөргө зыян келтирген деп мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды.
Ысык-Көлдө багбан Абыл Байсымаков жеке менчикке сатып алган жерин акыркы төрт жылдан бери айыл өкмөт талашып жатканын айтып жатат. Ал иштетип келе жаткан 2 гектарга чукул өрүк багын Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айыл өкмөтү кайра артка алуу үчүн сотко кайрылган. Айыл өкмөт ошондой эле Абыл Байсыма
"Абак азабы" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында Бириккен Араб Эмирликтеринде тыюу салынган дары менен аба майданында кармалып, бир нече жылга кесилип кеткен кыргызстандыктардын Дубай абагында тарткан азабы тууралуу сөз болот.
Дагы жүктөңүз