"Азаттык" Бишкектин четиндеги Байтик айылындагы Боз-Бөлтөк тоосунун кум-шагылын казууну токтотуу, аны тарыхый-архитектуралык корукка айлантуу жөнүндөгү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы аткарылбай жаткан жагдайды иликтеп чыкты.
Мамлекеттин үлүшү бар 42 компаниянын айрымдарындагы акциялардын көлөмү аз болсо, көпчүлүгүндө негизги пакетти мамлекет кармап турат. 42 мамлекеттик ишкананын 19у жабык турса, айрымдарынын абалы жакшы эмес.
Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөргөн ишкананын кызматкерлери миллиондогон сомдук тендерлерди өздөрү утуп келген. Алардын алды 70 миллион сомдук тендерди утуп, бирок салган жолдору боюнча чуу чыккан. Ишкана жетекчиси өткөрүлгөн тендерлерде мыйзам бузулбаганын айтууда.
Назарыңызда “Куугунтук курмандыктары” берүүбүздүн кезектеги чыгарылышы. Бул чыгарылышта Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн кыргыз жоокерлери тууралуу сөз кылабыз.
Хабибула Абдукадыр жана анын үй-бүлөсү көмүскөдөгү байлыгын глобалдык империяга айланткан. Бул иликтөө кубаттуу аткезчилик империясын курууга айыпталган киши кантип бир туугандары менен таасирдүү ишкерге айланып, Борбор Азиядагы бийлик башчылары алардын акчасын кулач жая тосуп алганын көрсөтөт.
Дагы жүктөңүз