22-декабрда кечинде Бишкек шаардык соту убактылуу камоочу жайда кармалып турган укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Назгүл Турдубекова жана бир катар жаштар уюмдарынын жана партиялардын жаш канаттарынын онго жакын өкүлүн Жарандык кодекстин 598-беренесине ылайык азат кылды. Бул беренеге ылайык айыпталып жаткандар сот чечимине макул болбой жогорку инстанцияларга даттанган убактан тарта камактан бошотулууга тийиш. Шаардык сот бул ишти 24-декабрда түштөн кийин карамай болду.
Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек 22-декабрда кечинде Бишкек шаардык соту убактылуу камоочу жайда кармалып турган укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Назгүл Турдубекова жана бир катар жаштар уюмдарынын жана партиялардын жаш канаттарынын онго жакын өкүлүн Жарандык кодекстин 598-беренесине ылайык азат кылды. Бул беренеге ылайык айыпталып жаткандар сот чечимине макул болбой жогорку инстанцияларга даттанган убактан тарта камактан бошотулууга тийиш. Шаардык сот бул ишти 24-декабрда түштөн кийин карамай болду.
“Мен ишенбейм” деген ураан менен пикетке чыгышканы үчүн белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жана жаштардын тобу убактылуу кармоочу жайда камакта жатышат. Алар менен президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун бүгүн жолукту. Укук коргоочу акцияга чыккан адамдарга карата тартип коргоо кызматынын жана соттун мамилесин чектен чыккан жорук катары баалоодо. Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов болсо тартип коргоо кызматы мыйзамдын чегинде иш кылган деп эсептейт.
13-декабрда Жогорку Cот оппозициялык “Канжар” жаштар уюмунун мурунку лидерлеринин бири Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп апасынын кепилдиги менен абактан бошотту. Адилет Айтикеев 25-октябрдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган.
Виталий Пономарев «Мемориал» эл аралык укук коргоо борборунун директору. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаалга туруктуу абай салып жүргөн серепчи. Жакында Ошто сапарда болгондо В. Пономаревду «Азаттыктын» аймактык кабарчысы Алишер Токсонбаев кепке тарткан эле.
Кыргыз-орус Славян университетинин профессору, саясат таануучу Александр Князевди 16-ноябрда кечинде белгисиз эки адам үйүнүн жанынан күтүүсүз кол салып, сабап качып кетишкен. Саясат таануучу өзү бул окуяны саясий ишмердүүлүгүнөн улам же этникалык себептердин негизинде болушу мүмкүндүгүн айтып жатат. Укук коргоочулар бул окуяны милиция тергөөгө алышы керектигин, сексенден ашуун улуттар ынтымактуу жашап, энтикалык куугунтуктоолор жоктугун айтышууда.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жыпара Арыкованын үстүнөн сот жараяны башталды. Ага Коопсуздук кызматы тарабынан мамлекеттик жашырын сырды сыртка чыгарды деген айып тагылып, алты айдан бери камакта.
Апрель митинги учурунда массалык башаламандык уюштурган деп айыпталып жаткан Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, мындан ары да камакта жата бермекчи. Бүгүн Бишкек шаардык соту анын актоочуларынын өтүнүчүн четке кагып, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында укук коргоочулар пикет өткөрүштү. Алар ооздорун скотч менен чаптап алышып, мунусу менен жарандардын эркин чогулуу укугун кыргыз бийлиги чектеп жатат деп сынга алышты. Алар президент Курманбек Бакиевден Башмыйзамдын кепили катары жарандардын Конституциялык укугун коргоо талабын койгон билдирүү таратты. Ушул эле күнү Биринчи май райондук сотунда 10-ноябрда өткөн нааразылык акциясында кармалган «Жашылдар» партиясынын төрт мүчөсүнүн жана эки укук коргоочунун үстүнөн сот иши башталды.
Бишкекте укук коргоочулар жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укуктарына бут тосууларды жана куугунтуктоону токтотууну талап кылып Өкмөт үйүнүн алдына каршылык акциясын өткөрүштү. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова, “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова жана башка укук коргоочулар укук коргоо органдарынын мыйзамдуу форматта иштешин, соттордун калыстыгын жана көз карандысыздыгын камсыз кылууну бийлик башчыларынан талап кылышты.
Аманбек Жапаров,Бишкек Тыңчылык кылды делип шектелип УКМК абагында жаткан парламенттин басма сөз кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, өнөктүшү Нина Зотованын «Дело№» гезитине берген маегине капа болуп, Арыкованы жактоодон баш тартты. Гезиттеги макала боюнча адвокаттын мындай кадамга барышына негиз деле жок, дешет Арыкованын ата-энеси. Ал эми «Садыков жана анын шериктери» юридикалык компаниясынын жетекчиси Нурлан Садыковдун айтымында, адвокаттык этика боюнча жактоо ишин чогуу алып барып аткан өнөктөштөр катуу карама-каршылыктарга туш келгенде гана бирөөсү баш тартууга мүмкүн экендигин айтты.
Оштук журналисттер кесиптеши Алишер Саиповдун Кыргызстандын түштүк башкалаасында өлтүрүлүшүнө Өзбекстандын коопсуздук кызматынын катыштыгы бар деп күмөн санашууда. Ошондуктан, алар жаналгычтардын изи сууй электе табылып, тийиштүү жазасын алышына жеке өзү кийлигишүүсүн өтүнүп президент К.Бакиевдин наамына кайрылуу жолдошту. Ошол эле учурда бийликтин үлкөн өкүлдөрү мындай шектенүүлөр негизсиздигин билдирип жатышат.
Дагы жүктөңүз