Орус адабиятында кара сөз чебери жана драматург Венедикт Ерофеев (1938-1990) бүлбүл карааны менен нечендеген орус айдыңдарын ойготкон, бирок кеңири калайыкка «Кайра куруулар» доорунун этегинде гана жете алган айырмалуу калемгер болду.
Тарыхта "Месхет (Мцхетия) түрктөрү" же "Ахыска түрктөрү" деп аталган этностук топтун өкүлүнүн "Азаттык" үналгысына маеги.
138 репрессия курмандыгынын сөөгүн тапкандардын эмгеги мамлекет тарабынан баалана элек.
Мезгил өткөн сайын саясий репрессия курмандыктарынын карааны алыстап баратат. Алардын жакындарынан кабар алып, ал аркылуу тарыхтын сабактарын эске салып турууну максат кылдык.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси У. Чыналиевдин демилеси менен Таврия жеринде 1931-44-жылдары сүргүндө өлгөн кыргыздарга эстеликтер орнотулду.
Херсон облусунда сталиндик репрессия жылдары сүргүнгө айдалып, ал жакта сөөгү калган кыргыздарга экинчи эстелик тургузулду.
Совет заманында “Кулак”, “эл душманы” деп атылып кеткен, же соттолуп, түрмөдө жүрүп өлгөн миңдеген адамдардын кайда көмүлгөнү алиге белгисиз.
1938-жылы 3-апрелде Украинанын Николаев облустук тройкасынын чечими менен Таврия жеринде сүргүндө жүргөн 9 кыргыз атылат.
Херсон облусунун Цюрупинск районундагы Чалбасы(азыркы Виноградово) кыштагындагы кыргыз көрүстөнгө 1930-жылдардагы сталиндик репрессияда Украинага "кулак" деп айдалып барган жана сүргүндө жүрүп көз жумган кыргыздар көмүлгөн. Архивдик маалыматтарга таянсак, эң соңку бейиттер 1944-жылга таандык. Тилекке каршы, Виноградовонун эли "Кыргыз көрүстөн" деп атаган бул мазарда канча адам көмүлгөнү белгисиз. Бирок жер менен тегиз болоюн деп калган эски мүрзөлөрдүн санына караганда, бейитте 200дөн ашуун адам коюлган деп боолгосо болот. 3-апрель, 2013
1930-жылдары Украин жерине "кулак", "эл душманы" деп айыпталып, жазыксыз айдалган жүздөгөн кыргызстандыктардын бир тобу мекенине кайтпай калган.
Cовет өкмөтү кулакка айдалгандарды Кызыл Армиянын катарында кызмат кылууга татыксыз деп эсептеген.
Дагы жүктөңүз