«Азаттык» менен «Эсимде: өз тарыхын изилдөөгө кызыкчылык» акыл дөбө долбоору Элмира Ногойбаеванын Анна Герман аттуу кичинекей немис кыздын белгилүү поляк жана советтик ырчысына айланышын баяндаган макаласын сунуш кылат.
Азиз Алимовдун кыска өмүр жолу кантип жакшы турмушка жетүүнүн абыгерчилиги менен өткөн.
Казакстандын Алматы облусунда өткөн кылымдын 30-жылдары атууга кеткен 168 адамдын сөөгү кайрадан жерге берилди. Маркумдар көмүлгөн жер өткөн жылы Жаналык айылындагы үйлөрдүн биринен табылган. Соттук-медициналык эксперттер бул адамдар Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгонун далилдей алышты.
Шамсидин Курманов сталиндик репрессия күчөгөн убакта из жашырып аман калганы менен 1943-жылы табышмактуу өлүмгө дуушар болгон.
1916-жылдагы алааматта Омор Жумаев атасынан ажырап, жерине келгенден кийин бирөөлөрдүн кызматын кылып күн өткөрөт.
Чакан улуттардын согуш маалындагы тарыхын калыс чагылдыруу зарылдыгы жөнүндө блог.
1937-жылы Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев камакка алынып, эки жылга чукул түрмө азабын башынан кечирген.
Сталиндик «кызыл кыргынга» туш келген кайрандардын катарында Мукаш Иманбаев да бар.
Сталиндик жазалоолордун тарыхын кайра кароодогу АнжиянМУнун профессору Рустамбек Шамсутдиновдун мектебинин салымдары.
Асанбай Жамансариев 34 жашында атылган.
Кыргыз окумуштуулары менен эл аралык уюмдардын биргелешкен долбоорунун негизинде аргасыз жер которуунун тарыхы иликтенүүдө.
Максим Аммосов Кыргызстанга сталиндик репрессия күчөп турган чакта келген. Совет бийлигинин орношуна колунан келишинче салым кошуп келген алгачкы муун коммунисттин өзү да сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.
Дагы жүктөңүз