Моту Жоомарт уулу эки ирет Сибирге сүргүнгө айдалган. Ээрчишип келген эки азаптан аман калып, жашы өйдөлөгөндө үй-жай күтүп, тиричилик кечирген. Кырчын курагында баатыр катары таанылып, Совет бийлигинин убагында алгачкы колхоз уюштуруп, биринчи башкарма болгон. Сталиндик репрессияга бир айылдан 12 адам туш келип, андан жалгыз өзү аман кайткан. Моту Жоомарт уулунун башынан кечирген окуялар кызыктуу, татаал, кайгылуу, оор.