Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Борбор Азия

Жеңиш чокусунда калган альпинисттерди издөө-куткаруу токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:34 0:00

Жениш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу жана эки ирандык альпинист Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллахты издөө иши кийинки жылга чейин токтотулду. Бүгүн Атайын кызмат учкучсуз аппарат учуруп, Наговицинанын тирүү экенинен эч бир белги аныкталбаганын билдирди. Орусия Украинанын үч облусуна абадан сокку урду, Днепропетровскиде кармаштар уланууда. Трамп эгерде Путин Украинада тынчтык орнотууга көнбөсө Орусияга катаал санкциялар киргизилерин кайталады. Кыргызстан “Кумтөр” кенин толук өзүнө алып, иштете баштаганынан үч жылдан ашты. Кен мамлекетке өткөндөн бери эмне өзгөрдү жана ал кыргыз экономикасына дагы канча убакыт тирек болот?

Жеңиш чокусунда калган альпинисттин тагдыры белгисиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:35 0:00

Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу операциясына эл аралык альпинизмдин өкүлдөрү кошулганы белгилүү болду. Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан кийинки сел бир нече үйдүн короосун каптады. Москва акыркы суткада Украинадагы курал-жарак кампасын жана башка объекттерди аткылаганын билдирсе, Киев Орусиянын мунай ишканасына жана Балтика деңизиндеги эң ири портуна сокку урганын кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG