Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:49

Борбор Азия

жекшемби 23 Февраль 2025

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстандын Балкан облусунун коопсуздук органдары мамлекеттик кызматкерлерден президент Сердар Бердымухамедов менен анын атасынын сүрөттөрү бар гезит-журналдарды "тиричиликке колдонбойбуз" деген тилкатка кол коюуну талап кылууда.

Мындай чечим түркмөнстандыктар гезит-журналды күнүмдүк тиричиликте, анын ичинде даарат кагазы катары колдонуп жатканы тууралуу бир катар маалыматтардан кийин чыкканы айтылууда.

"Балканабад шаарында билим берүү, саламаттык сактоо жана полиция кызматкерлери 2025-жылга жазылган гезиттердин алгачкы нускасын ала башташты. Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ) жергиликтүү башкармалыгынын кызматкерлери өздөрү көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекемелерди кыдырып, бюджеттик кызматкерлерден тилкат ала башташты", - деди жергиликтүү мамлекеттик кызматкер "Азаттыктын" түркмөн кызматына аты-жөнүн атабастан курган маегинде.

Сердар Бердымухамедов менен Гурбангулы Бердымухамедов. Коллаж.
Сердар Бердымухамедов менен Гурбангулы Бердымухамедов. Коллаж.

Тилкатта жазылгандай, мамлекеттик кызматкерлер президент Сердар Бердымухамедовдун жана анын атасы, өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү жарыяланган гезит-журналдардын ар бир бетин "көздүн карегиндей сактоого жана жыртпай, булгабай, бырыштырбай, табактын астына койбой алып жүрүүгө милдеттүү".

"Даарат кагазы катары колдонбойм, нан ороп булгабайм, от тамызгы кылбайм, чет өлкөгө баратканда ала кетпейм деп убада берем. Эгерде мен бул милдеттенмени бузсам, өз арызым менен жумуштан кетүүгө макулмун" деп жазылат тилкатта.

Буга чейин мамлекеттик гезит-журналдарга жазылууга аргасыз болгон бюджеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү аларды окубай эле, күнүмдүк турмуш-тиричиликке колдонорун "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары жазып келген. Алсак, гезит-журналдар даарат кагазы, бут кийим орогуч кылып же мешке от тамызгыга колдонулат.

Гезиттер QR код менен көзөмөлдөнөт

Ушул күндөрү кеңселерди жана ишканаларды кыдырып жүргөн коопсуздук кызматкерлери быйылкы жылдан баштап гезит-журналдардын ар бир бетине QR код коюлуп жатканын белгилөөдө. Алар бул коддун жардамы менен кызматкер кайсы басылмага жазылганы, кайсы барагы айрылганы аныкталып, ошол кишиге катуу чара көрүлөрүн эскертип жатышат.

"Быйылкы жылдан баштап жерден, таштандыдан же ажатканадан табылган гезит-журналдардын, өзгөчө Бердымухамедовдордун сүрөтү бар барактардын кайсы кызматкерге таандык экени QR код аркылуу аныкталат. Ал код гезит-журналдардын бардык беттерине коюлган", - деди Балкан облусунан байланышка чыккан, атын атагысы келбеген мамлекеттик кызматкер.

Мындай талап мамлекеттик органдарда иштегендердин тынчсыздануусун жаратпай койгон жок. Алардын айтымында, коопсуздук кызматкерлери "эски гезиттерди эмне кылабыз" деген суроого так жооп бере алышпайт.

"Эми балдарга үйдөн гезит-журнал берүү кооптуу болуп калды. Эгерде балам капысынан президенттин сүрөтү бар гезитти тытып, боёп же ыргытып жиберсе жумушсуз калышым мүмкүн. Эң коопсуз ыкма - басылмалардын электрондук версиясына жазылуу", - дейт мамлекеттик кызматкер.

"Азаттыктын" жогоруда айтылгандар боюнча жергиликтүү жана облустук бийликтен комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Түркмөн редакциясынын аймактагы кабарчысы жаңы талап боюнча облустагы мечиттерде да үгүт иштери башталып, элге "Бердымухамедовдордун сүрөтү бар гезит-журналдарды айрыбагыла" деген тапшырма берилип жатканын белгиледи.

"Бюджеттик мекемелерде да жыйындар өткөрүлүп, кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Облустун почта адистери да гезит тараткан сайын бул талаптарды окурмандарга оозеки билдирүүгө милдеттүү", - дейт кырдаал менен тааныш дагы бир кызматкер.

Түркмөнстанда көп жылдардан бери бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары мамлекеттик гезит-журналдарга милдеттүү түрдө жазылууга аргасыз. Жергиликтүү калк болсо мамлекеттик саясатты жана ата-уул Бердымухамедовдорду мактаган өкмөттүк басылмалардын кызыксыз мазмунуна нааразы.

Ал арада өкмөттүк гезиттерге милдеттүү түрдө жазылуу жүрүп жатканы тууралуу Ашхабаддагы кабарчылар билдирди. Айрыкча мамлекеттик кызматкерлер "Макул Хабар" (Makul Habar) гезитине жазылуусу тийиш.

"Учурда бул гезитке баш калаадагы жана Ахал районундагы орто мектеп мугалимдери, коммуналдык чарба, жеңил өнөр жай тармагындагы фабрикалардын жана суу менен камсыз кылуу ишканаларынын кызматкерлери милдеттүү түрдө жазылууда. Алар жумушсуз калбашы үчүн айына 1200-1300 манат айлыгынан гезит алууга 15 манат төлөшү керек", - дейт атын атоодон баш тарткан ашхабаддык мамлекеттик кызматкер.

Мамлекеттик кызматкер президенттин китебин да сатып алууга мажбур

Жыл башында "Азаттыктын" түркмөн кызматы Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерди президент Сердар Бердымухамедовдун китебин сатып алууга мажбурлап жатышканын жазды.

Маалыматка караганда, Түркмөнбашы жана Балканабад шаарларында президенттин жаңы китебинин бет ачары болуп, аларга облустун бардык бюджеттик мекемелеринин кызматкерлери катышкан. Кийинчерээк мамлекеттик кызматкерлер бул китепти сатып алууга аргасыз болгонун журналисттерге айтып беришкен.

"Магтымгулынын 300 жылдыгына арналган китепте эч кандай философия, илимий маалымат жок. Анда бир гана өткөн жылы борбордо болгон эл аралык иш-чаралар тууралуу маалымат жана фотосүрөттөр гана бар", — дейт Балканабад шаарындагы мектептердин биринин мугалими.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов

Президент Сердар Бердымухамедовдун үчүнчү китеби жарык көргөнү тууралуу маалымат 27-декабрда Министрлер кабинети менен Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин биргелешкен жыйынында жарыяланган.

Расмий билдирүүдө президенттин "Магтымгулы – дүйнөнүн ойчулу" аттуу жаңы китеби улуу түркмөн акынынын адабий мурасына жана анын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымына гана эмес, Түркмөнстанда өткөн иш-чараларга да арналганы белгиленген.

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлер 30 жылдан бери президенттердин китептерин милдеттүү түрдө сатып алышат.

Биринчи президент Сапармурад Ниязов "Рухнама" китебин чыгарган. Экинчи президент Гурбангулы Бердымухамедов бийликте турган 17 жыл ичинде 60ка жакын китеп жазып, түркмөн эли аларды сатып алууга мажбур болгон.

loop NEW KEREMET BANK 23 01 2025.mp4
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00

Кыргыз бийлиги “Керемет Банк”, “Газпром нефть Азия”, “Мунай-Мырза” компанияларын АКШнын санкциясынан чыгарууну өтүндү. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен үч компаниянын санкцияга илинишин талкуулады.

Үч компанияны санкциядан чыгаруу аракети

22-январда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШ элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, кыргыз компанияларынын санкциялык тизмеге киргизилишине тынчсыздануусун билдирди. Ал маселени америкалык өнөктөштөр менен талкуулап жатканын айтты.

Ошондой эле Абакиров кыргыз тарап соңку жагдайга түшүнбөй жатканын билдирип, “Керемет Банк”, “Газпром нефть Азия”, “Мунай-Мырза” компанияларын “кара тизмеден” чыгарууну өтүндү.

Мекеменин басма сөз кызматы элчи бул маселеде “чечимдерди биргелешип издөөгө даяр экенин билдиргенин” маалымдады.

“Өз кезегинде элчи Вигери АКШ аталган кыргыз компанияларын санкциялар тизмесинен чыгарууга байланыштуу өз ара макулдашылган чечимдерди биргелешип издөөгө даяр экенин билдирди”, - деп айтылды ТИМдин маалыматында.

АКШнын элчилиги жолугушуу жөнүндө маалымат тарата элек.

“Керемет Банктагы" чектөө, кардарлардын тынчсыздануусу

Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген тургуну 21-январда “Керемет Банктан” акчасын алууда кыйынчылык жаралганын "Азаттыктын" журналистине айтып берди.

Ошол күнү банк “Керемет Банктын” VISA карталары анын өзүнө таандык гана POS-терминал, төлөм терминалы, банкоматтар аркылуу тейленерин маалымдаган болчу. Муну банк VISA эл аралык төлөм системасы киргизген чектөө менен байланыштырган.

“Кардарлар карта эсептериндеги бардык акча каражаттарын жакынкы банктын бөлүмдөрүнүн кассаларынан ала алышат же мобилдик тиркеме аркылуу Элкарт карталарына же учурдагы эсептерине которо алышат. Банктын кассаларында накталай акча алуу паспортту көрсөткөндөн кийин гана ишке ашырылат. Акча каражаттар кардарлардын эсептеринде коопсуз бойдон сакталып турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Банктын өкүлүнө кайрылганыбызда ал санкциялар боюнча акыркы жагдайлар жөнүндө жетекчилиги менен макулдашып, анан жообун берерин билдирди. Банктын сайтында ТИМ жетекчилиги менен АКШ элчиси санкция боюнча жолукканы жөнүндө кыскача кабар турат.

“Газпром нефть Азия” ишканасынын өкүлү дагы ушундай эле жооп айтты.

“Мунай-Мырза” ишканасы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Буга чейин компаниянын директору Айнура Абдукаримова жаралган маселени кыргыз бийлиги менен талкуулап жатышканын айткан.

Каржы тармагынын беделине көлөкө түшүрөбү?

Азыр “Керемет Банктын” 22% акциясы мамлекеттин колунда. Мамлекет 2024-жылдын аягына чейин дээрлик ээлик кылып келген банктын санкцияга илиниши өлкөнүн финансы секторунда тынчсыздануу жаратты. Экономист Төлөнбек Абдыров буларга токтолду:

"Албетте, бул абдан олуттуу жана көйгөйлүү жагдай. Биринчиден, бул биздин системанын имиджине таасирин тийгизет жана инвестиция агымын чектейт. Анткени көптөгөн өлкөлөр "Керемет Банкка" эле эмес, балким, башка банктарга да санкция салынышы мүмкүн деп кооптонушат", - деди Абдыров.

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

Анткен менен аталган банк санкцияга илингени белгилүү болгондон кийин Улуттук банк өлкөнүн каржы сектору туруктуу экенин билдирди.

Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева “Азаттыкка” мындай деди: “2022-жылы санкциялар башталгандан бери эле ички көзөмөлдү күчөтүп, бардык мыйзамдарды, санкцияларды болтурбоого ылайык жумуштарды аткарып келебиз”.

Санкциялардын таржымалы

15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция салган. АКШ банк өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан “сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган. “Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.

Санкцияга илинген банк жөнүндө төмөндөгү макаладан окуңуз.

11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына да санкция салган. Экөө тең Орусиядагы “Газпром” ачык акционердик коомуна таандык, Бишкекте бир даректе жайгашкан.

Айрым серепчилер мунай ишканаларынын "кара тизмеге" кириши өлкөдөгү мунай рыногуна таасир этпейт дегени менен кээ бири жалпы өлкөнүн экономикалык имиджине көлөкө түшүрөрүн айтышат. Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков өкмөттү жагдайды терең изилдеп, кандайдыр бир чечим чыгарууга чакырды.

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

“Жакшы окуя эмес. Кайсы бир рынок, бизнес чөйрө үчүн терс жагдай экенин баары эле түшүнүп жатат. Андан чыгуунун жолдорун ойлонушубуз зарыл. Биздин өлкөгө тобокелчиликтерди азайтуу үчүн бийлик бизнес чөйрө, эл аралык өнөктөштөр менен тез-тез жолугуп, акылдашып, бир чечимге келишибиз керек”, - деди Сыдыков.

2023-жылы президент Садыр Жапаров Орусияга салынган санкциялар жана АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендестин бул маселе боюнча анын дарегине жолдогон катына байланыштуу "Кабар" агенттигине маек курган. Президент Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Орусия менен Кытай кичинекей Кыргызстандан көз каранды эмес. Орусия менен Кытай өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Орусия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат", - деген президент.

АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар.

Батыштын "кара тизмесине" илинген кыргыз компаниялары

2022-жылы 24-февралда Орусия Украианага басып киргенден тарта Батыш өлкөлөрү Москвага каршы бир катар экономикалык, финансылык санкцияларды киргизген. АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү Кыргызстандагы 20га жакын компанияга санкция салган. "Кара тизмеге" киргизилген ишканалардын айрымдары Украинадагы согуш тилкесинде колдонулган орус курал-жарактарынан табылган технологияларды Орусияга жөнөтүп турган. Батыштын мындай чаралары Москваны компоненттер менен жабдыган жолдорго бөгөт коюуну көздөйт.

Маселен, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары бар. Кошмо Штаттар алардан товар алып турган Орусиядагы ишканаларды (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) да санкциялык тизмеге кошту.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган. Адатта "кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташа албай калат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Санкцияга кабылган компаниялардын айрымдары тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын 2023-жылы жасаган иликтөөсүндө сөз болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG