"Азаттык+" программасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.
"Азаттык" Кыргызстандын аймактарында эл арасында сурамжылоо жүргүзүп, быйылкы жыл эмнеси менен эсте калды деген собол узатты.
Быйыл “Азаттык +” программасы 20 жашка толду. Бул жылдар аралыгында программа жаштарды түйшөлткөн маселерди талкуулап, жаңы тренддерди, тенденцияларды чагылдырган. “Азаттык +” дагы деле актуалдуубу? 20 жыл аралыгында жаштар берүүсү кандай жолду басып өттү?
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1064 китепкана бар. Бирок азыркы замандын талабына жооп берген саналуу гана китепкана бар. Шаардагы китепканалардын кээ бири жакшыраак шарттарга ээ болсо, айылдардагы китепканалардын абалы дагы деле начар.
Тамакты мыкты жасап, бул өнөрүн бизнеске, рецептин брендге айланткан ашпоздор көбөйдү. “Азаттык+” үй тойго барып дасторкон даярдагандарды, улуттук тамак-ашка жаңы көрк бергендерди көрсөтөт. P.S. Видеону ачка көрүү сунушталбайт.
Азаттык+ телеберүүсүн эми видеоподкаст форматында да көрө аласыздар. 11-октябрь - Эл аралык кыздар күнүнө арналган алгачкы чыгарылышыбыздын коноктору журналист Алия Суранова жана актриса Айжан Аденова.
Бишкек мэриясы студенттердин саат 10дон тарта окуй баштаганы жол тыгынды азайтууга мүмкүнчүлүк берди деп эсептейт. Бирок студенттер өздөрү мындай пикирден алыс. Окуу графигинин өзгөргөнү алардын иштеп, кошумча курстарга баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койгонун айтышат.
Эгемен өлкөнүн эркин жаштары жаш курагы, тармагы ар башка болгону менен, аларды эртеңкиге болгон ишеним бириктирип турат. Азаттык+ бул чыгарылышта өлкөнүн келечектүү делген тармактарындагы жаштар ой-кыялы менен бөлүшөт.
8-10 август аралыгында Ысык-Көл облусунун Тосор айылынын Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш болуп өттү. Аны “Тосор коому” “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен биргеликте уюштурган.
Кылыч жөндөө искусствосу катары Байыркы Грецияда пайда болуп, кийин спортко айланган фехтование Кыргызстанда да акырындык менен кулачын жайып келет. Бирок өлкөдөгү олимпиадалык спорттун бул түрү колдоого муктаж.
Соңку жылдары бүтүрүүчүлөр мектепти аяктагандан кийин бир жыл тыныгуу алып, кесип жана окуу жай тандоого көбүрөөк убакыт бөлө баштады. Дүйнөдө кеңири жайылганы менен Кыргызстанда жаңыдан кулачын жайып жаткан бул тенденция Gap year деп аталат. Азаттык+ бүгүн бул көрөнүш тууралуу айтып берет.
8-июнда Кыргызстан жаштар кыймылы түзүлдү. Мамлекет мындай кыймыл аркылуу жаштардын ар кандай саясий күчтөрдүн, партиялардын колундагы курал болуп калышынан сактап, жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзөт деп ишенет.
Соңку жылдары шаарда электр чыгырыгын колдонгондор көбөйдү. Аны менен бирге кырсыкка учуругандардын саны дагы арбыды.
ТикТок социалдык түйүнүн колдонуучулар бир гана көңүл ачуу үчүн гана эмес, бизнесин элге таанытып, кардарларын көбөйтүү үчүн да колдонуп келишкен. Андыктан Кыргызстанда ТикТоктун бөгөттөлүшү ар кандай тармактагы орто жана чакан бизнеске дароо таасирин тийгизди.
"Мына, үй-бүлө эс алганы келип, тамактанган да, идиш-аягын таштап кете берген. Эми бул бирөө келип жыйнамайынча жүз жылдап жата берет. Суу боюнда чирийт. Бул экологияны жок кылат. Ажайып кооз Аламүдүн капчыгайын чоң таштандыга айлантат".
Мындан эки жыл мурун Бишкектеги эл аралык медициналык институту атайын изилдөө жүргүзүп, кыргызстандык студенттердин 70 пайыздан ашыгы тез татым жана таттуу суусундуктар менен тамактанарын айтып чыккан.
Каракол шаарынын Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан бир учурда 5 анестезиологдун кетиши медицинадагы көйгөйлөрдү ачыктады.
Майрамдар алдында гүлгө суроо-талап кескин өсөт. Андыктан гүл сатып киреше табам дегендердин майрам алдында жумушу көбөйөт. “Азаттык+” бул ирет көз көнгөн кооздуктун көрүнбөгөн түйшүгүн көрсөтөт.
Эрте жашынан дары баңгилигне байланып калган өспүрүмдөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Дары баңгилиги - бул күчтүү таасир этүүчү дарыларга көз каранды болуп калуу.
Кыргыз коомунун аниме менен косплейге көз карашы кандай? Аниме косплей деген эмне? Жаштарга бул маданият кандай таасир этүүдө? Бул тууралуу «Азаттык +» жаңы чыгарылышында көрөсүздөр. Видеодогу айрым иллюстрациялык кадрлар "Дискорд" платформасынын жардамы менен даярдалды.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү сунушуна каршы пикирин билдирип, тынчтык митингине чакырган жарандык активист Афтандил Жоробеков эки айга камалды.
Дагы жүктөңүз