Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн төртөө Арменияга шарт коюп, же ушул бирикмени, же Европа биримдигин тандоону талап кылышты. Алар Еревандын Европа менен жакындашуусу ЕАЭБдеги башка мүчөлөрдүн "экономикалык коопсуздугуна зыян тийгизет" деген жүйөсүн келтирди.