"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Орусия өкмөтү 11 бейөкмөт уюмду "чет элдик агент" деп атады. Ал арада бул уюмдардын өкүлдөрү болсо Мамлекеттик Дума 2013-жылы чыгарган талаштуу мыйзамга таянып, Кремль аларды жабууну көздөп жатканын айтууда.
Латвия Орусиянын таанымал ырчылары Иосиф Кобзонду, Олег Газмановду жана Валерияны атайын “кара тизмеге” алып, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды.
Америкалык 18 жаштагы Мэтт Гилмер жер жүзүн айланып келген эң жаш учкуч катары Гиннестин рекорддор китебине кирди. Марс планетасы темир метеориттердин калдыктарына бай. Google компаниясы көздөгү глюкозанын өлчөмүн ченеген линза чыгарат.
14-июлда кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн пакистандык жаш активист Малала Юсуфзай туулган күнүн белгиледи. 2012- жылы ал өз ишмердүүлүгү үчүн талиптердин бутасына калып, оор жаракат алган.
Израил куралчан палестин топтору ок чыгарууну токтотпосо, Газа тилкесиндеги аскерий операциялар улана берерин билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн эртең менен Кабулда Ооганстанда кызматтан кетип жаткан президент Хамид Карзайга, президенттике ат салышып жаткан талапкерлер Абдулла Абдулла менен Ашраф Ганиге жолукту.
Тегеранда Ислам революциясынын алдыңкы каармандарынын бири, сот тармагында бир нече жыл кызмат кылган аятолла Мохаммад Мохаммади Гилани көз жумду.
8-июлда Өзбекстандын президентинин туңгуч кызы Гүлнара Каримова 42 жашка толду. “Узметроном” сайтты өз булактарына таянып, Каримова туулган күнүн Балтика өлкөлөрүнүн биринде, жакын адамдардын курчоосунда өткөргөнүн жазып чыкты. Башкалар ал дагы эле Өзбекстанда, үй камагында экенин айтышууда.
Орозо айында Өзбекстандагы кафе-ресторандар ишсиз калды. Президент Каримов “Рамазан айын шариятка ылайыктуу өткөрүү жөнүндө” буйрук чыгарган.
Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы 14-июнда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыктарын жарыялады.
Ооганстанда президенттик шайлоонун жеңүүчүсүн аныктоо кечеңдеп, уруулар арасында чыңалуу күчөп, өлкөнүн келечеги кандай болот деген бүдөмүк суроо жаралууда.
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2007-жылкы шайлоо өнөктүгүндө Ливиянын мурдагы диктатору Муаммар Каддафиден жардам алган деген шек менен Париждин чекесиндеги Нантер шаарчасында 1-июлда кармалып, 15 саат сурак бергенден кийин, соттун өкүмү менен бошотулду.
Украинанын Донецк облусунда Орусиянын Биринчи каналынын оператору, 68 жаштагы Анатолий Клян атылган октон автобустун ичинде жан берди.
Тажикстан “Ансорулло” сыяктуу террористик уюмдардын коркутууларына көңүл бурушу керек. Мындай билдирүүнү тажик парламентинин төмөнкү палатасынын коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет башчысы Амиркул Азимов жасады.
Ирандагы спорт ышкыбоздору Бразилиядагы дүйнө чемпионатында ойноп жаткан өз футболчуларын колдоп, ушул күндөрү Тегеранда волейбол боюнча өтүп жаткан эл аралык мелдешке абдан кызыгышууда. Ошол эле маалда ирандык аялдар көпчүлүктөй стадиондорго барып, сүйүктүү командаларын кыйкырып сүрөй алышпайт.
Кош жарандыгы бар орусиялыктар эми сөзсүз түрдө аны ачыктоосу керек. Жаңы мыйзамга ылайык экинчи жарандыгын ачыктап, мамлекеттин атайын тизмесине кирбеген орусиялык жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Эки миллиард долларга жакын карызды төлөө мөөнөтү 16-июнда соңуна чыккандан кийин Орусия Украинага газ берүүнү токтотту.
Украинада өкмөттүк аскерлер жикчилдер кармап турган Мариупол шаарына кирип келди. Аскерий операция маалында беш жикчил набыт болуп, өкмөттүк аскерлерден дагы бир нечеси жарадар болгон.
Иракта маалыматтарга караганда, “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлер Тикрит шаарынын басымдуу бөлүгүнө да өз көзөмөлүн орнотушту.
Ирактын премьер-министри Нури ал - Малики парламенттен өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүнү суранды. Ал бул кайрылууну "ал-Каидага" байланышы бар согушкерлер эң ири шаарлардын бирин басып алгандан кийин жасады.
Дагы жүктөңүз