"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
15-январда Орусияда Дмитрий Медведев башында турган өкмөт кызматтан кетти. Премьер-министрликке орус президенти Владимир Путин Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Эми аны Мамлекеттик Дума жактырышы керек.
Иранда студенттер эки күн катары менен бир нече университтин алдында нааразылык акцияларын өткөрүштү.
Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт өчпөй жатат. Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө 27 адам, миллиарддаган жаныбар өлдү. Кырдаал тууралуу ал жакта 15 жылдан бери жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова айтып берди.
Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан аскерлери атып алганын жарыялады.
Орусия менен Түркиянын президенттери Ливиядагы чатакташкан тараптарды 12-январдан тартып атышууну токтотууга чакырышты.
Укук коргоочу Стив Свердлоу Жогорку Кеңештин депутаты коомдук талкууга сунуш кылган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтты.
Иран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Бул маалыматты Пентагон ырастады.
Казакстандык талдоочу Галым Агелеуов бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам кабыл алынса, аны бийлик курал катары колдонот деп эсептейт.
Кытайда адамдын эмбриондорун тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган үч окумуштуу жазага тартылды.
27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учак кырсыгынан кеминде 12 адам каза тапты.
Ооганстандын шайлоо комиссиясынын чечими менен Ашраф Гани экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болду.
Словакияда иликтөөчү журналист Ян Куцияктын өлүмүнө айыпталып жаткан төрт адамдын соту башталды. Алардын арасында миллионер Мариан Кочнер да бар.
Пакистандын соту мурдагы президент Первез Мушаррафты мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, өлүм жазасына өкүм кылды. Сот өлкөнүн мурдагы аскер жетекчиси 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу менен мыйзам бузган деп тапты.
Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) "Арсенал" жана "Манчестер Сити" футбол клубдарынын беттешин футболчу Месут Өзилдин сөзүнөн улам көрсөтпөй койду. "Арсеналдын" оюнчусу Өзил кытай бийлиги Шинжаң уйгур автоном районундагы уйгурларга басым жасап жатканын "Твиттерге" жазып, Бээжинди айыптаган.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Дубай шаарында журтташтар менен жолугушканда Чолпон Абдырахманова «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча суроо берген.
Быйыл дүйнөдө кеминде 250 журналист камалган. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитети 11-декабрда жарыялаган баяндамада белгиленет. 48 журналист камалган Кытай биринчи орунда болсо, Түркия экинчи орунда.
Кытайда уйгурлардын көрүнүктүү өкүлү Нур Бекри өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.
Коменданттык сааттын алдында 27-ноябрда Ирандын Нажаф шаарындагы консулдугуна чабуул коюлган. Иракта бийликке каршы толкундоонун башталганына эки айга чукулдады.
Британиядагы жүк ташыган машинеде табылган 39 вьетнамдыктын сөөгү мекенине кайтарыла баштады. 16 маркумдун сөөгү Вьетнамга шаршембиде жеткирилгенин бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Талибдер барымтага алган америкалык жана австралиялык эки профессор куралдуу кыймылдын камакта отурган жогорку даражалуу үч өкүлүнө 19-ноябрда айырбашталды. Туткундарды алмашуу шейшембиде Ооганстандын Забул провинциясында болду.
Дагы жүктөңүз