"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Түркияда интернеттин чектелишин бийликтер коопсуздукка байланыштырууда.
“Кыргызстан маданият жана достук коомунун” Анкарадагы кеңсеси кайра качан ачылары белгисиз.
Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстан маданият күндөрү өттү. Эгемендик коомдук бирикмеси, Юсаид жана Кыргыз диаспорасынын биргелешкен долбоору менен өткөзүлгөн бул иш чарага кыргыз кол өнөрчүлөрү жана Ордо Сахна ансамбли катышты. Кыргыз даамдары конокторго сунулуп, дизайнерлердин дефилеси көрсөтүлдү
Алыскы чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктар мекенине акча жибергенде банк кызматтарынан аз пайдаланышат. Буга негизинен банк тарабынан кызмат көрсөтүүгө алынчу үстөк пайыздын жогорулугу себеп.
Түркияда 15-июлда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин Фетхуллах Гүленге тиешеси бар делген 15 университет жабылган.
Кабулжан Мурзаев жана Махрам Сатымбаева 23 жылдан бери Стамбулда жашайт. Жубайлар Түркияда өздөрү өздөштүргөн медитация ыкмасы менен адамдын жеке өнүгүүсүнө түрткү болгон семинарларды өтүшөт. Кабулжан Мурзаев Кыргызстанда да ушундай семинарларды уюштурууну максат кылып келет.
Түрк режиссеру Женк Демиркыран үч жылдан ашуун Кыргызстанда жашап, кыска метраждуу тасмаларды тарткан. Аны Кыргызстандын жаратылышы, тоолору, маданияты кызыктырып, тасмалардын дээрлик бардыгын айылдарда тарткан.
Түркиянын Улупамир айылында төрт миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт. Иран менен чектеш бул аймактагы журтташтар соңку кезде өлкөнүн башка аймагына көчө баштады.
Түркияда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин киргизилген өзгөчө кырдаал дагы үч айга узартылды. Мындан улам полиция мигранттарды байма-бай текшерүүдө.
Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу, эл аралык саясий, экономикалык олку-солку мамилелер эпкини Түркиядан Бишкекке жүк ташыгандардын ишин кыйын абалга кептеди.
Түркиядан Кыргызстанга жүк ташыган фирмалардын бизнеси кескин солгундап, аны менен бирге чек арада ыксыз текшерүүлөр көбөйгөнүн айтышууда.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жылына өлкөгө 300 миңге жакын чет өлкөлүк бейтап дарылануу үчүн келет. Анын ичинде кыргызстандыктар да бар.
Президент Алмазбек Атамбаевдин абалы кыйла дурус, бирок ал азырынча Кыргызстанга качан кайтары белгисиз. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди.
Быйылкы курман айтта Стамбул шаарында 209 жерде атайын мал базарлар курулду. Анда курмандыкка чалына турган төрт түлүк сатылат. Түркиянын булуң-бурчунан келгендер бул базарларда негизинен бодо мал жана кой сатышат.
31-августта Анталия шаарына дарыгерлер тобу менен саякаттап келген Татьяна Саенконун ден соолугу начарлап, төрт күндөн кийин ооруканага түшкөн.
Азамат Арипов жана Улан Жумаев учурда Стамбул шаарында ат спорт мектебинин жумушчулары. Жылкылардын, аткананын түйшүгү толугу менен журтташтарыбыздын моюнунда. Эки дос Кыргызстанда жасаган ишин бул жакта да улантууда.
Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.
Акыркы жылдары Түркияга жумушка чакырган жарнамалар көбөйдү. Бул азгырык тузагына көбүнчө жаш кыз-келиндер чалынат. Бирок алардын айрымдары алданып, кулчулуктун жан чыдагыс азаптарына кабылууда.
Кыргызстанда тенниске кызыккандар арбын болгону менен, каражаттын тартыштыгынан улам машыккандар аз. Ага жараша эл аралык чемпионаттарда байгеге жеткендер жокко эсе. Бул өксүктү толтуруу дымагы барын азыр Түркияда жашап жаткан кыргызстандык үй-бүлө билдирүүдө. Ата-энеси эки уулун тең тенниске машыкт
Дагы жүктөңүз