«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалган.
Ош шаары быйыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк дүйнөсүнүн мааний борбору деп жарыяланган. 20-мартта Ош шаары макамдуу жылдын ачылыш аземин өткөрдү. Аны кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков ачты. Ачылыш аземине бир нече түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй калат. «Азаттык» бул жолу салыктан качкан «ишкерлерди» иликтеди.
Бүгүн, 1-март басмырлоого кабылгандарды коргоо күнү. Кыргызстанда ар кандай себептерден улам кодулоого кабылгандар бар. Алардын ичинен ВИЧ илдетине чалдыккандар коомдон көбүрөөк ыдык көрөт. "Азаттык" бир нече жыл мурда медициналык мекемеден айыккыс дартты жугузуп алган балдардын жашоосу тууралуу тас
Кара-Суу районунун тургундары айыл өкмөт башчынын үстүнөн Орусиянын президенти Владимир Путинге даттанарын билдиришти.
Кыргызстандын Билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтери окуучулар көтөргөн китеп баштыктын салмагын көзөмөлдөбөйт. Бирок кошуна мамлекеттерде окуучулар көтөргөн баштыктардын салмагына атайын чектөө коюлган. Дарыгерлер болсо оор баштыктар айрыкча кенже класстагы окуучулардын ден соолугуна зыян
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт.
Кара-Суу базарында бир нече жыл мурда дааратканын асты көчүп түшкөнү элдин эсинде. Өмүрдү алган бул кырсык базар ээлерине сабак болбогондой, базардагы дааратканалардын абалы азыр деле аянычтуу.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Калмурзаевге караштуу “Дан” акционердик коомунан мамлекеттин ири өлчөмдөгү буудайы зыянга учурады. Жок болуп кеткен буудай боюнча соттук териштирүү арадан төрт жыл өтсө да аягына чыкпай турат. Кабарчыбыз өкмөт өкүлүнүн ишмердигин иликтеп жүрүп, Калмурзаевдин ме
Он жылдан бери айтылганы менен аймакты реформалоо демилгеси кечеңдеп келет.
"Совет бийлигинин тушунда топтолгон байлык ошол мезгилде төрөлгөн кишилерге бөлүп берилет" деген имиш Ош шаарында желдей тарап жатат. Бир айдан бери "белгисиз байлыкты бөлүштүрүп алуу үчүн" Союз учурунда төрөлгөн адамдардын документтери чогултулууда.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Оштогу иш сапарында уюштурулган сый тамактын чуусу эми чыга баштады. Шаардык санэпидстанция кызматкерлери президент баш болгон саясатчыларды жасалма документтүү адамдар тейлегенин айтып чыгышты.
"Аманбанктын" Өзгөн районунун Куршаб айылындагы филиалы аманатчылардан алган 13 миллион сомду кайтара албай жатат.
"Ош тазалык" ишканасына "Кличко" деген каймана аты бар спортчу Нурбек Исмаилов дайындалды.
Кыргызстанда тармактык сооданын желесине илинип, алданган адамдардын катары калыңдады.
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тез жардам кызматынын төрт бөлмөлүү чакан имаратын эки жылдан бери куруп бүтө албай келет.
Ош облустук балдар ооруканасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча жарыяланган тендердин чыры токтобой жатат.
Беш күндүк эс алуу күнү Ош шаарында уруксатсыз дарак кыюу менен коштолду. Жергиликтүү көзөмөл органдары эс алуунун айынан катары менен кыйылган дарактарды аңдабай калышканын айтышууда. Ал арада шаарда корукка алынган бактар эсепке алынбаганы да кашкайып чыкты.
Буга нааразы болгон тургундар менен мэрия өкүлдөрү тил табыша элек.
Керек-жарак бирикмесинин Ошто жайгашкан административдик имараты акционерлер менен мурунку депутат Мамат Орозбаевдин ортосунда талашка түштү.
Дагы жүктөңүз