«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Жогорку Кеңеште Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбеков сунуштап, ЖКда жактырылган автожолдорду буугандарга жазаны катаалданткан мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. "Азаттыктын" кабарчылары бул мыйзам тууралуу пикирлерди укту.
Кечээ 31-октябрда Кыргызстандагы “Тажиктер коомунун” төрагасын шайлоо үзгүлтүккө учурады.
Ошто студенттер балдар үйүнө жардам акциясына чыгышты.
Кара-Суу районунда пахтанын экинчи терими жыйналууда. Алар ачылган ак буланы жамгырга калтырбай жыйнап алуу үчүн кошумча жумушчуларды жалдаганга аргасыз. Бирок дыйкандар пахтаны отун үчүн эгип жатканын айтышууда. Анткени пахта баасы арзан болуп, киреше бербей жатат. Быйыл пахтанын бир килограммынын баасы 35 сом болот деп айтылууда.
Ош шаарында жол талаша кеткен эки айдоочу мушташып, алардын бири - милиция кызматкери кызматтык куралын колдонгон.
Бүгүн калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө алгачкы электр плиталарын таратты.
Сулайман-Тоодон бети чийилбей, чын-жалганы белгисиз сүйүүлөргө күбө болбой, таза калган ташты табуу кыйын.
Оштун 3014-жылдыгына карата 5-октябрда шаарда бир катар майрамдык маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.
Бүгүн Ош шаарынын борбордук мечитинде 21-сентябрда ажы сапарына аттанган 192 зыяратчыны узатуу иш-чарасы өттү. Сапарга аттангандарды калаа жетекчилери, дин кызматкерлери жана жакындары узатышты.
Садиевдин жакындары УКМК алдында кайрадан акция өткөрүштү.
Газага аттанган тажик жараны Ошто кармалды
Ош аба майданында "Палестина мусулмандарын коргоо үчүн согушка барам” деп жолго чыккан тажикстандык жаран кармалды.
10-сентябрда Ош шаарында «Энергетика жана салттуу эмес энергия булагы-2014» көргөзмөсү башталды. Көргөзмөгө 15 өлкөнүн 35 компаниясы жылуулукту сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу каражаттарын сунушташты. Көргөзмөдө Казакстан, Орусия, Белорус, Түркия жана Европа өлкөлөрүнөн чыгарылган курулуш жана энергетика тармагына тиешелүү жылуулук жана желдетүү, жылуулукту кармоочу терезелер, жылуу полдор, электр тогун үнөмдөгөн жарык берүүчү каражаттар калк назарына коюлган.
Ошто жол талаш чыры чечилбей жатат
«Ош-Тазалык» муниципалдык мекемесинин кызматкерлери мындан ары шаардын таштанды топтоочу жайларына велосипед менен барат. Мекеме жетекчилиги шаар тазалыгын камсыздаган 12 жумушчуга велосипед сатып берди.
Соңку кезде милдетин өтөп жүргөн жоокерлердин аскер кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы көп катталууда.
Оштогу №30-626 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып таяк жеген жоокер Асилбек Ажиевдин ата-энеси Ош гарнизондук аскер прокуратурасына нааразы. Бул тууралуу жоокердин ата-энеси “Азаттыкка” кабарлады. Алардын айтымында, Ош гарнизондук аскер прокурору аларды кабыл албай койгон.
Ош мэри 300 спортчу менен веложүрүш жасады
Ош шаарындагы орус тилдүү мектептерде балдарды башталгыч класска кабыл алууга орун жетишсиз.
Кара-Суу районунда сегиз жаштагы Икрамжон кызы Адина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул аралыкта райондо секелек кыздар уурдалып жатат деген ар кыл имиштер айтылууда.
Дагы жүктөңүз