«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Араван районунда сүмөлөк кайнаткан үйдөгү мушташтын кесепетинен беш бала ооруканага түшүп, тогузуна кылмыш иши козголду.
Аялдардын коомдогу абалы, турмушу, көйгөйү тууралуу "Азаттыктын" атайын макалалар топтомунда сөз болот.
Эсеп палатасы Ош шаардык мэриясы 2013-жылдагы бюджетти аткарууда 62 млн. сомдук финансылык тартип бузууга жол бергенин айтууда.
3-мартта Ош шаарында укук коргоо органдары менен элдин катышуусунда коомдук тартипти сактоо боюнча форум өттү. Бирок ал салтанат менен башталып, ызы-чуу менен коштолду.
Ош: форумдагы салтанат менен ызы-чуу
Ошто милиция байма-бай рейд жүргүзгөн менен сойкуканалардын саны кыскарбаганы айтылууда. Айрым эксперттер бул көйгөйдү сойкулукту мыйзамдаштыруу жолу менен чечүүнү сунуштоодо.
Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы драма театрында “Агроэкспо: Жибек Жолу 2015” XI эл аралык көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат.
90догу ардагер согушту эскерди
Ош милициясы жергиликтүү «Ош пирим» телеканалын эфирде кеткен берүүсүндө тең салмактуулукту сактаган эмес деп айыптап, оозеки эскертүү берди.
Эгемендик жылдардан баштап Кыргызстанда жалпысынан 7 миңден ашык мамлекеттик объект менчиктештирилип кеткен. Алардын кыйла бөлүгү социалдык имараттар. Акыркы жылдары алардын 61и гана мамлекетке кайтарылды.
9-февралда Кара-Суудагы «Ас-Сарахсий» мечитинин имамы Рашод Камалов экстремизмге шектелип, 48 саатка кармалды. Анын баш коргоо чарасын сот эртең карайт.
Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги коомдо суроо-талап күч кесиптердин тизмесин жарыялады. Тизменин алдыңкы сабында мал догдур, ширетүүчүлүк, тигүүчүлүк жана унаа устачылыгы сыяктуу өнөр-кесиптер турат.
Кара-Суудагы «Кенже» базарынын ээлери базардан соода жайларын сатып алган 40 ишкердин контейнерин сүйрөтүп чыгарып, өздөрүн кууп салган.
Оштун Озгур айылына кире бериштеги үйдө Бермет аттуу эне төрт небереси менен жашайт. Өзү пенсия курагында. Ал жалгыз уулун үйлөнтүп, Орусияга жибергенине алты жыл болду. Бермет апа рубль арзандагандан бери уулунан акча аз келип, тамак-ашка араң жетип жатканын баяндап берди.
3-февралда “жихадга” даярданып жүргөн Ош шаарынын тургуну курал-жарагы менен кармалса, андан бир күн мурун Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун активдүү мүчөсү деген шек менен Аксы районунун тургуну колго түшкөн.
"Азаттык" балдарга карата зөөкүрчүлүк менен зомбулук көрүнүштөргө коомчулук мамилесин ар тараптан талдап көрдү.
МАИ кызматкерлери Ошко келген мамлекеттик жетекчилерди тосуп-узатуу учун акыркы үлгүдөгү ЖИП машинелерди жалдоо, күйүүчү майы жана тамак-аш чыгымдары алардын мойнунда экенин билдиришти.
Жол кайгуул кызматкерлери Ошко келген мамлекеттик жетекчилерди тосуп-узатуу үчүн акыркы үлгүдөгү кымбат машинелерди жалдоо, аларга куюлчу күйүүчү май жана тамак-аш чыгымдарын да көтөрүшөрүн айтып чыкты.
Орус унаалары кыргыз базарында
Дагы жүктөңүз