"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетинде шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн кызматына Кэтрин Эштонду бекитүү маселеси каралды. Мындай кызмат Евробиримдиктин башкаруу структураларын реформалоо боюнча Лиссабон келишимине ылайык биринчи ирээт киргизилип олтурат. Евробиримдиктеги жаңы кызмат ээси тышкы саясатта кандай максаттарды көздөйт, Борбор Азия аймагы үчүн өтө актуалдуу адам укуктары маселелерин көтөрүүдө кандай ыкмага артыкчылык берет?
Жаңы жыл алдында Ооганстанда чет элдиктер чоң жоготууга учурады. Оболу Хост провинциясында аскерий базанын ичинде жасалган жарылуудан сегиз америкалык каза тапса, Кандагар провинциясында беш канадалыктын өмүрү кыйылды.
Жаңы жылдан тартып, Евробиримдикте Испания төрагалык кылат. Ал биримдиктин Лиссабон келишими күчүнө кирип, уюмдун башкаруу структурасы реформалангандан кийинки алгачкы төрагасы болот. Испаниянын төрагалыгы тушунда жаңы түзүлүштүн тышкы саясатка тийүүчү таасири сыналары күтүлүүдө.
Кытайда баңгизатты контрабанда кылганы үчүн айыпталган британ жаранына чыгарылган өкүм аткарылды. Элүү үч жаштагы Акмал Шайх Кытайда акыркы жарым кылымдан ашуун убакыт ичинде өлүм жазасына тартылган алгачкы европалык болду.
Тегеранда коопсуздук күчтөрү менен өкмөткө каршы демонстранттардын 27-декабрдагы кандуу кагылышынан улам кеминде төрт адам каза тапты. Бул окуя шийилердин өтө маанилүү "Ашура" диний майрамына жана Ирандагы оппозициячыл кыймылдын руханий жолбашчысы, маркум Улуу аятолла Хосейн Али Монтазеринин жетилигине тушташ орун алды.
АКШда Коопсуздук чаралары күчөтүлөөр алдында “ал-Кайида” менен алакасы бар деп шектелген нигериялык жигит америкалык учакты жардырууга аракеттенгени айтылган. Исанын туулганы күнү белгиленип жатканда болгон бул окуяны АКШ бийликтери оңунан чыкпай калган бомба чабуулу катары баалашты.
Аяктап калган 2009-жылды дүйнө экономикасы ондогон жылдар ичиндеги эң оор каржы кризистин таасири астында баштаган эле. Кризистин кесепетин азайтуу аракетинде дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрү мурда болуп көрбөгөн чараларга барып жатышкан. Аяктаган жыл ичи ошондой эле резервдик валюта катары америкалык долларды алмаштыруу чакырыктары айтылып турду.
Иран Усама бин Ладендин кызы Сауд Аравиянын Тегерандагы элчилигинде турганын жана өлкөдөн кетүүгө уруксат сурап жатканын ырастады. “Ал-Кайида” лидеринин үй-бүлө мүчөлөрү Ирандын аймагында жашайт деген маалыматтарды расмий Тегеран буга чейин такай төгүндөп келген эле.
Пакистандагы жагдай дагы бир аскерий төңкөрүшкө бышып калды. АКШдагы Индиана университетинин профессору Жамшид Чокси (Jamsheed Choksy) атайы “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу үчүн жазган комментарийинде мына ушундай көз карашын билдирет.
Монгол элдик республикасы коммунизмден тынчтык жол менен баш тартып, демократиялык нукка оогонуна жыйырма жылдын жүзү болду. Бирок калктын үчтөн бир бөлүгүнөн көбү жакырчылыкта өмүр сүрүүдө.
АКШ Сенатында 15-декабрда өткөн угууда президент Барак Обаманын Борбор Азия боюнча жаңы саясаты талкууланды. Анын жүрүшүндө аймактын эки өлкөсү - Кыргызстан менен Тажикстан “мамлекет боло албаган мамлекетти” эске салары айтылган. Мындай аныктама Кыргызстандын дарегине карата буга чейин айрым эл аралык иликтөө уюмдары тарабынан колдонулуп келинген эле.
Молдовада президентти шайлоо аракети быйыл төрт ирээт жасалып, бирок баары майнапсыз аяктады. Эгер саясий кризисти жөнгө салуунун башка аргасы табылбаса, кийинки мөөнөтсүз шайлоо 2010-жылга белгиленүүсү керек.
Кубанын Гуантанамо аралындагы аскерий түрмөдө отурган айыпкерлердин чектелген санын АКШ аймагына которуу планын Вашингтон администрациясы бүгүн жарыялаары күтүлүүдө. Бул адам укугун коргоочулар сынга алып келген түрмөнү жабуу багытындагы чечүүчү кадам болот.
Түркияда Конституциялык сот күрд партиясына козголоңчулар менен байланышы бардыгы үчүн тыюу салды. Мунун артынан Түркиянын шаарларында күрддөр менен полиция күчтөрүнүн кагылышуулары орун алды. Партия жетекчилиги депутаттары парламенттен кетерин жарыялады.
Газ куурун ачуу үчүн Борбор Азияны кыдырууга аттанган Кытай президенти Ху Цзинтао үч күндүк сапарын бүгүн (12-декабрда) Казакстандан баштады. Андан соң Түркмөнстанга барат. Ал жерде дүйшөмбү күнү Түркмөнстан – Кытай газ куурунун бет ачар салтанаты өтмөкчү.
АКШга өнөктөш өлкөлөрдөн Грузия Ооганстанга кошумча бир миңге жакын аскер жөнөткөн жатат. Президент Барак Обаманын чакырыгына расмий Тбилиси мына ушундайча жооп берди. Мунун ордуна Тбилиси эмне алат?
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учукка чалдыккандарды айыктырууну жана акыр аягында бул дарттан толук арылууну максат кылган эле. Эми уюмдун ырастоосуна караганда, эң соңку маалыматтар ошол максаттын биринчиси ашыгы менен орундалганын көргөзүүдө.
Ооганстанда башкалаа Кабулдун мэри бүгүн кайра ишине кайтып келди жана ак экендигин билдирүүдө. Мунун алдында ооган соту аны коррупциялык иштери үчүн айыптуу деп таап, төрт жылга түмөгө кескен.
Өзбекстандын Кашка-Дарыя облусунда ушул айдын ичинде кеминде отуздай аял камакка алынган. Алар диний ишмердүүлүгү үчүн айыпталышы мүмкүн.
Израилдин Иерусалим шаарынын чыгышында жаңы үйлөрдү куруу боюнча планы АКШ менен Улуттар уюмунун сынына кабылды. Израиль тарап ал аймакта жаңы 900 үйдү курганы жатат.
Дагы жүктөңүз