"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Украина президенти Петро Порошенко коопсуздук күчтөрүнө өлкөнүн антитеррордук операция жүрүп жаткан аймактарынада жөн-жай тургундар үчүн гуманитардык коридор жаратууну буюруду.
Болгария “Түштүк агым” газ долбоорун токтотуусун Орусия сындап чыкты. Орусия газын Европага Украинага кирбестен жеткирүүнү караган ири долбоордун болочогу күмөн жаратууда.
Өзбекстан Кытайдан учкучсуз башкарылуучу аппараттарды сатып алганын эң оболу Тайвандан иш алып баруучу wantchinatimes.com интернет сайты жазып чыкты.
Казак президентинин мурдагы күйөө баласы, мекенинде узак жылдарга соттолгон Рахат Алиев Австрияда камакка алынды.
Чоң жетинин өлкөлөрү Брюсселдеги саммитин улантууда. Анда үстөмдүк кылган маселе - украин кризиси.
Кытайда терроризмге каршы бир жылдык өнөктүк башталды. Негизги көңүл 20 миллион калк жашаган Шинжаңга бурулмакчы.
Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы ырасталса, Украинада президенттик шайлоо бир айлампа менен бүтөт.
“Референдум” делген добуш берүүнүн артынан Украинанын чыгышындагы жикчилер болочок пландарын ачыкташты.
Расмий Киев Украинанын чыгышындагы кечээги добуш берүүнү “кылмыш” жана “фарс” деп атады.
Украинанын кырдаал чыңалып турган чыгышында орусиячыл жикчилдер эки жерде референдум өткөргөнү жатышат.
Украинанын чыгышындагы чыңалган абалды жөнгө салуу боюнча мунаса табылбай жатат.
Крымдын бийликтери татарлардын Межлиси эгер алар атагандай “экстремисттик” иштерди жактаса же коргосо жоюлушу мүмкүндүгүн эскертти.
Иракта бүгүн парламенттик шайлоо болот. Бул - өлкөдөн америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийинки алгачкы жалпы улуттук шайлоо.
Кошмо Штаттар Орусияга каршы санкцияларын кеңейтип, бул ирет президент Путиндин жакын чөйрөсүн бутага алды.
Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев Крымга беш жылга чейин киргизилбей турган болду.
Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыга тургандар аныкталгансып калды.
Кыргыз диаспораларынын курултайларында көтөрүлүп жүргөн демилгелердин бири ишке ашып, мигранттар акчасын ишкер долбоорлорго багыттоону максат кылган алгачкы ачык акционердик коом - “Кенч-Казынанын" акциялары жакында сатыкка чыгарылды.
АКШ Украинанын чыгышында Орусиянын агенттери аракеттенип жатат деп эсептейт. Мамлекеттик катчы Жон Керри бул тууралуу кечээ Сенатта сүйлөгөн учурунда айтып өттү.
Казакстанда шаршембиде капыстан эле өкмөт башчы алмашып, премьер-министрликке кайрадан Карим Масимов дайындалды. Муну менен Казакстандын эгемен тарыхында мурдагы премьер өз ордуна биринчи ирет кайтып барды. Коңшу өлкөдөгү бул жолку өкмөт алмашуунун чоо-жайын “Азаттыкка” Алматыдан саясат таануучу Досым Сатпаев чечмеледи.
Крымда азчылыкты түзгөн татарлар аймактын жаңы өкмөтү менен кызматташууну макулдашты.
Дагы жүктөңүз