"Азаттык" үналгысынын мурдагы директору; Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, т.и.д., профессор.
Шибедеги шор элинин көркөм өнөрү тууралуу сүрөт баян.
Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген алтай таануучулардын Мажарстандагы шеринеси соңуна чыкты.
Жазыксыз жерден сталиндик абакка айдалган манас таануучу аалым: Сүрөт баян.
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында алтай таануучулардын үч күндүк эл аралык шеринеси өз ишин баштады. Сүрөт баян.
Дээрлик 40 жыл илгери ирандык сатирик Хосроу Шахани өз өмүр таржымакалын азил аралаш жазган эле.
1930-41-жылдары сталиндик жазалоолорго жазыксыз кабылгандардын бири – немис тектүү философ Юлий Геккер жана анын сүрөтчү кызы Ирма болгон. Алар айтылуу кыргыз таануучу, профессор Юлий Худяковдун таятасы жана энеси.
18-майда Кыргыз улуттук китепканасында мажарстандык чыгаан түрколог Иштван Мандоки Коңурдун калемине таандык жана башка китептердин бет ачары болду. Бул иш-чарада Дөөт Кара Шомфайинин Коңур агай тууралуу даректүү тасмасы да көрсөтүлдү.
Немис окумуштуусу, манас таануучу Карл Райхл жөнүндө азыноолак сөз.
Экинчи дүйнөлүк согуш миллиондогон кишилердин, анын ичинде канчалаган карапайым жоокерлердин өмүрүн алды, далайынын кийинки тагдырына балта чапты. Анын сабагын учурда жаңыча таразалашууда.
Жакында И.Арабаев атындагы КМУда 1937-жылдагы сталиндик репрессиялардын 80 жылдыгына байланыштуу эл аралык кереге кеңеш өткөрүлүп, анда Социал-Туран партиясы болгон-болбогондугу тууралуу кызуу талкуу жүрдү.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгы тууралуу тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин баяны.
Кыргыздын чыгаан этнографы, манас таануучусу, профессор Имел Молдобаевдин (1942-2005) 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйында.
Алтай элинин чыгаан уулу, ишкер жана агартуучу Аргымай Кулжин жана анын небереси Алексей Кулажи тууралуу азыноолак кеп
1930-жылдардагы сталиндик “тазалоолор” маалында жазыксыз мерт болгон кыргыздын чыгаан мамлекет башчыларынын бири Б.Исакеев өз улутунун бий өнөрү бар экенин тастыктап, айтылуу Н.Бухаринге бийлеп берген.
Саха элинин көрүнүктүү ишмери Максим Аммосов Саха совет мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири. Ал Кыргызстан союздук макам алган соң анын Компартиясынын алгачкы Биринчи катчысы болгон.
2005-жылдын 25-мартындагы Жоогазын ыңкылабынан соң Москвада баш паана тапкан мурдагы президент А.Акаевдин 2005-жылы 24-апрелде обого түз чыккан маеги «Азаттык» үналгысынын архивинде сакталган.
Мындан жүз жыл мурда 8-мартта (эски жылнаама боюнча 23-февралда) Орусияда падышалык режимди биротоло ойрон кылган залкар ыңкылап окуялары башталган.
Сталиндик диктатураны түшүнүү үчүн кээде азыркы Түндүк Кореянын саясий турмушуна үңүлүү жетиштүүдөй сезилет. Бирок дагы эле Сталинди актагысы келгендерге анын өзүнүн эле жакындарынын мүшкүл тагдырына таандык фактыларды ачыктап берүү өзгөчө зарыл
“Бактылуу балалыгыбыз жолдош Сталинге рахмат!” деген ураанга жем таштаган фотодогу Сталин көтөрүп турган бурят кызы - Геля Маркизова. Бирок бул сүрөттөгү бактылуу учур кыздын ата-энесин жазалоодон сактап кала алган эмес.
Мындан 80 жыл илгерки советтик турмушту таасын түшүнүү үчүн ар бир дарекке жаңыча үңүлүү кажет. Кезектеги сөз – сталиндик доордогу бир фото сүрөттүн окуясы жөнүндө болмокчу.
Дагы жүктөңүз