"Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы.
Жалал-Абадда Чубак ажы Жалиловду эскерүү иш-чарасы өттү. Анын алкагында илимий конференция жана Чубак ажы Жалилов атындагы мечиттин ачылышы болду. Мечитке миңге чукул киши батат. Курулуш эки жылда аяктаган.
Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен темир заводунун ээси УКМК кызматкерлеринин үстүнөн арызданып прокуратурага кайрылды. 5-июлда бул ишканага атайын кызматтын өкүлдөрү текшерүүгө барганы тууралуу видео тараган. Ишкер басымга кабылганын айтып жатат. Иштин чоо жайына кабарчыбыз Талгат Абжали
Кыргыз-өзбек чек арасындагы соода-логистикалык борбордун курулушу башталды. Базардын милдетин кошо аркалай турган логистикалык борбор Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданы мурда Ош облусундагы "Кара-Суу базары" жүргүзчү,
Элеттиктерди колдоо, аларга кол өнөрчүлүк менен чет тилдерин, үй-бүлө баалуулуктарын үйрөтүү максатында Сузак районунун тургуну тогуз багытты камтыган ийрим борборун ачты. Ал жерде келин-кайнене ортосундагы мамилени окуткан энелер мектеби да бар. Айыл өкмөтү бош турган имаратты пайдаланууга берген.
Жалал-Абадда коронавирус тездик менен жайылууда. Жергиликтүү бийлик той-аштарга чектөө киргизүү жагын карап жатат. Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү бейтаптарга толуп, кошумча стационар ачылып жатат.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Көк-Жаңгак шаарындагы дачасы кароосуз калып, талкаланып, тонолуп бүттү. 2008-жылы тоо коюнунда, шарттары менен курулган жайды азыр Кара-Алма айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү сунушталууда. Дача Көк-Жаңгакта жайгашканы менен Кара-Алма токой чарбасына карайт.
Сузак айылдык кеңешиндеги айрым депутаттар Камаридин Абдукаримовдун төрага болуп шайланышына нааразы болуп жатат. Бул жагдайда Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариевдин аты аталды.
Сузактын 25 жаштагы тургуну Муслим Балтабаев коён кармап, өлкөнүн баардык аймактарына сатат. Азыр короосунда 80дей коён бар. Шалпаң кулактардын эң кымбаты 40 миң сомдун тегерегинде
Кыргызстандыктар быйыл Орозо айт майрамын пандемиянын шартында жана Баткендеги чек ара жаңжалынан кийинки учурда белгилеп жатышат. Пандемияга байланыштуу айт намаздарын мечиттерде гана окууга уруксат берилгендиктен, борбордук аянттарга эл чогулган жок.
Быйыл Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашык эр азамат катышкан. Алардын көбү кан майдандан өз жерине кайткан жок. Ал эми мекенине жеңиш менен кайтып келип, азыр арабызда бакубат өмүр сүрүп жаткан ардегерлердин катары жыл айын суюлууда. Алардын бири Сузак ра
Сузакта беш балалуу, 24 жаштагы келиндин сөөгү өз короосунда асылып турган жеринен табылган.
Сузакта 24 жаштагы беш балалуу келин өз короосунда асынып алган жеринен табылды. Маркумдун жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей, жолдошу буга чейин зордук-зомбулук көрүп келгенин айтышууда. Ал эми күйөөсүнүн жакындары мындай дооматтарды четке кагышууда.
"Токтогул" ГЭСин куруу үчүн 1972-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген. Ошондо кирпич завод менен аэропорт суу алдында калган. Ал кезде мүрзөлөрдөгү 10 миңге чукул сөөктү кайра көмгөнү менен алардын бир бөлүгүн таштоого аргасыз болушкан.
29-апрелде Баткенде окко учкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү 1-майда Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылында жерге берилди. Маркумдун жакындары Нурсултан мекен үчүн курман болгону, артында туяк калбаганы, мекенчил жигиттин шамы өчкөнүн айтышты.
Жалал-Абад – Маданият жолун оңдоо иштери 2018-жылы башталган. План боюнча жол 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Бирок айрым себептерден улам жумуш солгундап, белгиленген убакытта бүтпөй калуу тобокелдиги бар. Өткөн жылы жолдун 15 чакырымына гана асфальт төшөлгөн болчу.
Сузакта зордукталды делген 9-класстын окуучусунун жагдайын милиция жакшы көзөмөлдөбөй жатат. Мындай дооматты кыздын апасы менен анын жактоочусу айтып чыкты. Бул кылмышка шектүү катары бир адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок ал көп өтпөй эле үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.
Дагы жүктөңүз