“Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.
Бишкектин чок ортосундагы Сүрөтчүлөр үйү ондогон жылдар бою өлкөнүн маданий символдорунун бири болуп келген. Өткөн кылымда курулган бул имараттын тагдыры учурда арсар абалда турат. Бишкек мэриясы Чүй 108 дарегиндеги жер участогун мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуштады.
Кыргыз адабиятында кайталангыс изи бар Кеңеш Жусупов акка моюн сунду. Маркум акыркы сапарга Кыргыз академиялык драма театрынын астынан узатылды. Аны менен коштошуу үчүн атпай журтка таанымал акын-жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү, жазуучунун талантын сыйлаган окурмандар келишти.
Кыргызстанда соңку жылдары боорун алмаштыргандардын саны 500дөн ашты. Адистер буга сарык баштаган ар түрдүү оорулар себеп болуп жатканын белгилешет.
Кыргызстанда соңку кезде малдын белгисиз ылаңы жайылганы айтылууда. Вотсап тайпаларда фермерлер малды сакайтуу үчүн бири-биринен кеп-кеңеш сураганын көрүүгө болот. Коңшу Казакстанда жана Орусияда дагы мал ылаңы жайылганы тууралуу маалыматтар чыгууда. Учурда өлкөдөгү эпизоотиялык абал кандай?
Жогорку Кеңеште малдын ылаңына байланышкан маселе көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев комитет жыйынында өкмөттү бул боюнча маалымат берүүгө чакырып, үй-бүлөсүнө "базардан уйдун этин алууга тыюу салганын" айтты.
Кыргызстанда ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифти кайра карап чыгуу сунушталды. Коомдук талкууга чыккан мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков тарифти көтөрүү учур талабы экенин экенин айтууда.
Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин тапшырмасы менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан чыкты. Ал мунун алдында түрмөдө кыйноого кабылганын билдирген.
Жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абактан кат жолдоп, №27 абакта кыйноого кабылганын билдирди. Коомчулукка жазган катында ал акыйкатчынын өкүлдөрү барганда абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айтканы үчүн айып изоляторуна киргизилгенин жазган.
Кыргызстанда сыртта жүрүп келген мигранттарды үйлөнүү алдында милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова муну ВИЧ баштаган илдеттер жайылып жатышы менен негиздеди.
"Акниет" балдар борборунан качып кетип изделип жаткан балдар табылды. 23-февралда милиция борбордун беш тарбиялануучусуна издөө жарыялаган. 20-январдан 19-февралга чейин жоголгону айтылгандар - 15-16 жаштагы өспүрүмдөр.
Бишкекте эркин гезиттин дизайнери Эрнис Жээнтаев алты жылга соттолду. Буга анын Фейсбуктагы пикирлери негиз болгон. Ал өткөн жылдын ноябрь айында камалып, соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда 13-февралда өткөн.
Эркин гезиттин дизайнери пикири үчүн алты жылга соттолду. Жакындары ал кыргыз тилине байланыштуу пост жазганын, анын эч кандай саясий өңүтү болбогонун айтууда.
Өкмөт быйыл Кыргызстанга келип иштей турган мигранттар үчүн 52 миң жумуш орунун бөлдү. Расмий маалыматтарда бул былтыркыдан он миң адамга көп. Бул тенденция эмгек рыногуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетип, анын ордуна Жанарбек Акаев келди. Токторбаев арызды өз эрки менен жазганы кабарланган.
Кыргызстанда жыл сайын рак илдети 6 миңден ашуун кишиден катталса, анын үч миңдейи каза табат. Учурда республика боюнча 34 миңдей киши өсмө менен каттоодо турат. Адистер оору өтүшүп, 3-4-стадияга өткөндө келгендер көп болуп жатканын айтышууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15- апрелге чейин камалды.
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен 15-февралда жолукканын билдирди.
Кыргызстанда жыл сайын рак илдетине 6 миңден ашуун адам чалдыгат. Анын 60-70% өсмөнүн 3-4-стадиясы менен келет. Дарыгерлер жакынкы жылдары дартты аныктоо, дарылоо ыкмаларын өзгөртүп, жаңы адистерди даярдоо керектигин айтышууда.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызмат ордунан бошотулду.
Дагы жүктөңүз