"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Жалал-Абадда малак курт каптаган токой аянттары 40 гектардан ашты. Баткен элинин негизги кирешеси болгон өрүгү бышып, Орусияга экспорттоло баштады. Буту баспай калган Эржан төшөктө жатып калгандар үчүн ыңгайлашкан керебеттерди чыгарып жатат.
“Азаттык” үналгысынын “Данисте” телекөрсөтүүсү ар шейшембиде ЭлТРден Кыргызстандын булуң-бурчундагы окуяларды, кызыктуу репортаждарды жана өзгөчө адамдар тууралуу видео баяндарды сунуштап турмакчы. Ошондой эле чет жерде жашап жаткан мекендештер, алардын жашоо-турмушу менен да тааныштырып турабыз.
Жайкы каникул башталганы мектеп курагындагы өспүрүмдөр да акча табуу менен алектене баштады.
Тубаса майып, алты жашар Нуржигитке балдар үчүн атайын арабаны Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өз колу менен тапшырды. Буга чейин Нуржигит өзүнүн чоң арабасына отуруп, башкара албаганы үчүн, сыртка чыкканда тепшиге байланууга аргасыз болгон. Нуржигиттен кабар алганы Саламаттык сак
“Элдик парламент” кыймылынын лидерлеринин бири, камакка алынган Бекболот Талгарбековдун үйүндө 12-майда “УКМКнын тергөөчүлөрүбүз” деген беш киши тинтүү жүргүзгөн. Аталган органдын басма сөз кызматы тинтүү козголгон кылмыш ишинин негизинде мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.
Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жашаган алты жаштагы Нуржигит эс тарткан сайын майып болуп калганына өзүн күнөөкөр сезип, чүнчүй баштады.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети чет жерден каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуулап, жактырды. Кыргызстанда "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" деген ат менен белгилүү болгон бул мыйзам долбоорунун талашы уланууда.
“Азаттыкка” Жумгал районунан жалгыз бой эне Чынара Мураталиева кайрылды. Ал мурдагы күйөөсүнүн жана кайын-журтунун зомбулугуна кабылып, жергиликтүү милициядан да, акыйкатчыдан да кайрым болбой, айласы куруганда журналисттерге кайрылган.
Чүйдүн Петровка айылындагы 11-класстын окуучусунун өлүмүн укук коргоочулар мектептеги зомбулуктан көрүшөт. Мектеп жетекчилиги окуяга билимкананын тиешеси жок деп караманча каршы болууда. Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.
Чүйдүн Петровка айылындагы 11-класстын окуучусунун өлүмүн укук коргоочулар мектептеги зомбулуктан көрүп жатышат.
Сокулук районунун Жаңы-Жер аймагындагы №19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулган биринчи корпус бүгүндөн тарта ишке киргизилди. Бул жайда оор кылмыш менен өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер гана кармалат. Бир камерада экиден жана төрттөн адам кармала турганы айтылууда. Түрмөнү курууда
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси Талантбек Эргешов эки муун унутуп койгон вокалдык-аспаптык ансамблин кайра түптөп, жаштарга фонограммасыз музыканы жайылтып келет. Топто ойногон кишилер экскаватор, кичи автобус, такси айдагандар.
Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык Жазбек Мамбеткуловдун Виктор Цойдун ырын кыргызчалаган видеосу соцтармактарда аябай көп көрүлүп, кызуу талкууда.
Президенттин жарлыгына ылайык, 7-апрелде майрам күн катары эс алуу сунушу парламентке жөнөтүлдү. Мындан тышкары ар жылы 17-мартты Аксы окуясын, 24-мартты элдик ыңкылапты эскерүү күнү катары белгилөө сунушу өкмөткө берилди.
"Азаттыктын" апта түрмөгү бул ирет үй-бүлө, туугандар арасындагы мүлк талаш тууралуу болмокчу.
Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары өлкөдө дайыма көйгөй жаратып турган тиричилик таштандыларынын күңгөй-тескейин жер-жерлерден териштирип, аны чечүүнүн жолдорун сураштырып көрүштү.
Оорулуу апасын инисине кошуп баккан 13 жашар Айчүрөк азыр жаңы батирде жашап, 8-мартты алгач ирет майрамдап жатканын айтып берди. Айчүрөк жакында эле Орусиянын “Биринчи каналынын” атайын программасына тартылып келген. Айчүрөк тууралуу “Азаттык” жазып чыккандан
“Азаттык” радиосу эл оозундагы аңгеме-баяндарды жаздырып, коомчулукка жеткирүүгө даяр.
Бир үйдүн тиричилиги башына түшкөн 13 жашар Айчүрөк эки жарым жылдан бери базарда желим баштык терип, майып энесин жана инисин багып келет.
Президенттик аппарат өлкөнүн маалыматтык саясат концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түздү.
Дагы жүктөңүз