"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
“Данисте” берүүсүнүн жаңы жылдагы алгачкы чыгарылышында узаган 2016-жылдагы “Азаттык” алып чыккан каармандардын азыркы жашоосуна токтолобуз. Базарда иштеген Айчүрөк, тубаса майып Нуржигит менен Нургазынын кыялдары жана башка каармандарыбыз тууралуу баяндарды сунуштайбыз.
Элзат Казакбаеваны тууганы он беш жашында зордуктап, төрт жыл дегенде акыйкаттыкка жеткен. “Азаттык” телеберүүсүндө зомбулук тууралуу ачык айтып чыкканда коомчулуктан колдоо болуп, көптөгөн адистер жардам беришкен. Элзат учурда балдардын укугун коргогон уюмда иштеп жатат. Жаш экенине карабастан сек
Кеңешбек агай 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштейт. Жолдун узактыгы он чакырым, ортодо бөксө тоо бар. “Азаттыктын” кабарчылары Уланбек Эгизбаев жана Уланбек Асаналиев тарткан “Жол” даректүү тасмасында агайдын күн сайын эки сааттык азаптуу ж
Эсиңизде болсо “Азаттык” баса албаган алты жаштагы тургуну Нуржигиттин тепшиге отуруп алып колу менен жер сүргүлөп басып жүргөнү тууралу видео тасмасын жарыялаганда жардам колун сунгандар көп болуп, дарыгерлер да кабыл алган болчу. Учурда ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борб
Узаган жылдын башында 13 жаштагы Бишкектин тургуну Айчүрөк аттуу кыздын базарда желим баштык чогултуп, аны сатып кичинекей каражатка оорукчан апасы менен инисин жалгыз багып келгени чагылдырылган болчу. Анда Айчүрөккө бир эле кыргызстан эмес дүйнөүн төрт бурчунан жардам беришкен. Андан соң Эл аралы
Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасындагы балдар үйү жылуулуксуз жана азык-түлүксүз калуу алдында турат.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө зомбулуктан өз жанын кыйган келиндер, шаар карамагынан чыккысы келген айылдыктар, эркин ишти издеген жаштар, сейректеп кеткен ичик тиккен уздар жана жалгыздап өзгөчө акцияларды уюштурган Өндүрүш Токтонасыровдун жашоосу тууралуу видео баяндарды сунуштайбыз.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: аутисттер кесипке ээ болуп, өз эмгеги менен каражат таба баштаганы, Бешикташтын тобун тепкен кыргыз бала Афтандил, жети сутка айтылган жана эстрадага салынган “Манас” жана башка видео баяндарды сунуштайбыз.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: Баткенде медициналык кызмат ала албаган кайрылмандар, мөңгү изилдөөчүлөр, айылдаштары жакшы көргөн сузактык немис апа, кыргызстандык уйгурлардын жашоосу жана Стокгольмдо шведдерди иштеткен кыргыз жигиттери тууралуу баяндарды сунуш кылабыз.
Кыргызстанда калктын өсүшүнө же азайышына таасир эткен кандай факторлор бар?
Чейрек кылымдан бери унутта калган винил табактары же башкача айтканда музыка жаздырылган желим пластинкаларын кайрадан угууга болот. Бишкектик Искендер Сыдыков атайын белгиленген күндөрү сейрек музыкалык табактарды жөн эле коюп тим болбостон өткөн кылымдын музыканттары жана алардын чыгармачылыгы ту
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: баатыр энеге бай Кара-Бак айылы, ээнсиреген Алай-Куу өрөөнү, винил табактар аркылуу поп-музыкалык агартуу, элет балдарынын түйшүктүү бирок көңүлдүү эс алуулары тууралуу баяндар сунуш кылабыз.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: Сузакта 10 миң сом үчүн өз жанын кыйган окуучу тууралуу теңтуштары кандай ойдо? Эмне үчүн ал жаштайынан кара жумушка тартылган? Баткен облустук ооруканасында дарыгерлер жетишсиз, медициналык кызматтар чектелүү.
Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: балдарын аёосуз мушташтырган аталардын туугандары, айылдаштары бийликтен ырайым кылууну суранууда, Токмокто үйү күйүп, жалгыз баласынан айрылган ардагер апага үй салып берген канадалык үй бүлө, АКШнын Сиэтл шаарын багындырган журтташыбыз Нурбек Исмаилов, Кыргыз
Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев жакында эле белгилүү The Voice франшизасынын Орусиядагы телесынагына катышып биринчи турунан өтүп келди. Буга чейин ырчы “Россия” телеканалындагы “Первая сцена” вокалдык сынагынынын финалында эки мыктынын бири болгон эле. Кайрат Примбердиев “Азаттыктын” студиясы
Ысык-Ата районуна караштуу Нурмамбет айыл аймагынын жашоочулары өзүлөрү кайрымдуулук иш-чарасын өткөргөнү жатышат. Алар оорукчан үч наристени чет жактан дарылатууга жетиштүү каражат топтолуп калат деген үмүттө.
Кара-Кулжада 14 жаштагы кызды зордуктагандар кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетишти.
БУУнун Адам укуктары боюнча Борбор Азиядагы бөлүмү Кыргызстандагы укук коргоочулардын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди.
Ай башында мигрант кыз Москвада батирде чогуу жашаган кыргызстандык жигиттен таяк жегенин айтып жардам сураган эле. Өткөн жумада Москванын четинде нарындык келиндин каза болушуна да туугандары мекендеш жигиттердин күнөөсү бар деп шекшип жатышат. Бир катар учурларда болсо кыргызстандык кыз-келиндер к
Дагы жүктөңүз