"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Суу жана баткак баскан айылдар, дүлөй жана дукук балдардан турган өзгөчө футбол командасы, коом өгөйлөгөн аутисттер, чоң апалардын таймашы жана ошондой эле Москвадагы спорт клубда машыгып жүргөн чемпион мигранттар тууралуу баяндайбыз.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
Акыйкатчы Кубат Оторбаев 25-марттагы митингде кармалгандардын абалы боюнча суроолорго жооп берди.
Бул жолку берүүгө Баткендеги таштандыга толгон Төрт-Гүл көлү, Нарындагы кеп-кеңешке муктаж аутист балдар, Оштогу энелер жана наристелер батпай калган төрөткана, Түркия машыктыруучулары барктаган кыргызстандык футболчу Мурзаев тууралуу баяндар камтылды.
Кыргызстанда электрондук каттоого алынып жаткан карагай арчалар, бут кийимдери эл аралык базарга чыгып жаткан дизайнер Гүлзар Чыналиеванын тилеги, Ысык-Көлдө машыккан чет элдик спортчулар жана башка видео баяндар бул жолку “Данисте” телеберүүсүнүн назарына түштү.
Кыргыз өкмөтү 2015-2017-жылдарга калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү үчүн атайын программа кабыл алган. Аны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 249 миллионго жакын сом каралган. Ошого карабастан мамлекеттик колдоого муктаж үй-бүлөлөр өлкөдө аз эмес. Ушундай бүлөлөрдүн бири Перизат Дүйшее
“Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында 16-январдагы кырсыктан жакындарынан, үй-жайынан ажыраган ДачаСУ конушунун тургундары али кенемте ала электиги тууралуу баянды сунуштайбыз. Ошондой эле эч бир жерде каттоосу жок көп балалуу үй-бүлөнүн оор турмушун, 94 жаштагы аксакалдын китепканасын,
“Данисте” берүүсүнүн назарына түшкөн темалар: кароосуз калгандарды асыраган түнөк үй, Москвадагы чыгармачыл кыргыздардын маданий борбору, Улуттук илимдер академиясындагы кылымдык кол жазмалар интернеттеги ачык сайтка көчүрүлдү, кыргызстандык програмисттердин оюну дүйнөлүк рейтингге чыкты.
27-февралга караган түнү Лос Анжелесте “Оскар” сыйлыгы тапшырылды.
Кийинки баяныбыз аймактардагы студенттерди, мугалимдерди кубандырарында шек жок. Себеби Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында сакталып турган тарыхый докмунменттерди эми интернет аркылуу каалаган адам окуй алат. Буга чейин нечен жылдар чаң басып коомчулуктун назарынан оолак жаткан уникалдуу ко
"Азаттык" үналгысынын “Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында адам өмүрүн алган калың кар түйшүгү, Кеминде ачылган чакан ГЭС,өнөрлүү балдар окуган Баткендеги шарты жок мектеп жана башка окуялар тууралуу баяндарды сунуштайбыз.
Бул жолу “Данисте” телеберүүсүндө аэропорттордун коопсуздугу, абактагы аялдардын тагдырын, Берлинале сынагында көрсөтүлгөн кыргыз тасмасын жана башка видеобаяндарды сунуштайбыз.
Шамалды-Сай шаарчасында чоңойгон Андрей Семкин кенедейинен өз жанын өзү багып жүрөт. Ата-энесинин кайдыргерлигинен улам билим албай калган. 25 жаштагы жигит учурда Бишкектеги "Коломто" муниципалдык борборунда тамга таанып, окуй баштады.
“Данисте” телеберүүсүндө нарындыктардын электр баасына нараазылыгын, ойлоп табуучу окуучулар, кыргыз музыкасындагы аккардеондун орду, Сузакта өз күчү менен мектепке музей ачкан ардагер агай жана башка баяндарды сунуштайбыз.
“Данисте” телеберүүсүндө Чехияда ийгилик жараткан кыргызстандык Нурбек Жаанбаев, жер көчкү тооруган айылдар, Оштогу бузулган жаңы автобустар, ат терапиясы, Нарындагы хоккейчилердин бийик дымагы, Баткендеги мотоциклчен ветеринарлар тууралуу айтып беребиз.
16-январдагы учак кырсыгында үй-бүлөсүн жоготуп, жалгыз калган жети жаштагы Султан зээндүү, билимге жакын бала. Каргашалуу окуяда аны билим сактап калгандай.
16-январдагы учак кырсыгынан үй-бүлөсүн жоготуп, жалгыз калган жети жаштагы Султан учурда чоң апасынын колунда.
“Данисте” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышы 16-январда "Манас" аба бекетинин жанындагы Дача айылына кулаган учак апаатына арналды. Бейкапар жаткан элдин уйкусун бузуп, өмүрүн алган авиакырсыктын себептерине токтолобуз. Ошондой эле окуядан каза тапкандар, жаракат алгандар жана бул апаатта элдин
Кыргызстан каскадерлер гильдиясынын мүчөсү, режиссер Адилет Акматов жаңы уюшулуп жаткан жеткинчектер үчүн каскадерлер мектеби, Орусиядагы “Викинг”, Жакынкы Чыгышта тартылган “Малик” тасмаларындагы эмгеги тууралуу “Азаттыкка” маек берди.
“Данисте”: Таласта гидроцефалия менен ооруган 50 наристе катталды, Сузакта жер көчкүдөн коркуп көчкөндөр, Ноокатта жаш техник электр жады ойлоп тапса, Нарындагы жаш ишкер өз короосун көк жылгаякка айландырды, Чүйдөгү айылдыктардын гимнастикалык борбору жана Прагадагы кыргыз усталар.
Дагы жүктөңүз