"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Быйыл музыкалык окуу жайларда жана мектептерде кыргыз сольфеджиосу окутула баштайт.
Кыргызстанда ачылган майыптарга билим берген, көмөк көрсөткөн коммерциялык эмес атайын борборлордун айрымдары туруксуз каржылоонун айынан ишин токтотууга мажбур. Мына ушундай маселеге Чүйдүн Москва районундагы “Ак ниет” реабилитациялык окуу борбору туш болуптур.
Бул жолу “Данистенин” назарына Ноокендеги жарыксыз айылдын, Өзгөндөгү ылай суу ичкен кыштактын турмушу, каражаты жоктугунан кызын борборго дарылатууга алып бара албай жүргөн тогузторолук жалгыз бой эненин арманы түштү.
Эми жолу катаал Тогуз-Торо районуна сапар тарталы. Ал жакта жаштайынан элге аралаша албай жүрүп бой тарткан 15 жаштагы Саламатка жолугуп, ички кыялын билдик. Бала кезинде мертинген Саламатты мурда эч ким бутуна турат деп ойлогон эмес.
"Данисте" телеберүүсүнүн жаңы чыгаралышында Тоолуу-Бадахшандагы жалгыз мейманкананы иштеткен кыргыз жигити, өлүм алдында жаткан наристелерге кам көргөн өлкөдөгү жалгыз хоспис, Ак-Талаадагы чатырда экзамен тапшырган бүтүрүүчүлөр жана башка баяндарды сунуштайбыз.
"Данисте" телеберүүсүнүн жаңы чыгарылышында сынч үйлөрдүн бекемдиги, токойчулардын түйшүгү, Украинадагы журтташтар, кыргыз тарыхы жана маданиятына кызыккан түрк үй-бүлөсү тууралуу баяндар камтылды.
Бүгүн классташтардын мааракелик салттуу жолугушуулары бардык айылдарда өтүп жатат.
"Данисте" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышына беш баласы менен катаал тагдырга туш болгон келиндин жаңы жашоосу, он жылдык жолугушууларды пайдалуу саамалыктарга айландырган айылдык классташтар, өлкөдөгү эң чоң драма театрдын жертөлөсүнө саякат жана башка баяндар камтылды.
Европанын алдыңкы театрларынд өнөрүн көрсөтүп жүргөн тенор үндүү опера ырчысы Жеңишбек Ысманов ушул тапта Бишкекте жеке концертине даярдык көрүп жатат.
Султан Жумагуловдун "Кыргызча жашоо бормулалары" китебинин бет ачары болду.
Данисте" телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Жерге-Талда болгон жер титирөөдөн жабыр тартып, Чүйгө көчүп келген кыргыздар, буту баспаган жети жаштагы Өмүркандын аянычтуу тагдыры тууралуу баяндайбыз. Ошондой эле Европаны багындырган тенор үндүү журтташыбыз Жеңиш Ысмановдун жаштарга кеп-кеңешин жан
Eurovision - 2017 ыр сынагында португалиялык ырчы Салвадор Собрал утту.
Данистенин назарында: Бишкектеги Алыкул акындын талкаланган үйү, Жеңиштин нагыз ээлери, өлкө санарипке даяр, Кыргызстандагы татар элинин таржымалы.
9-майда Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленүүдө. Эл Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов жана башка Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө эмне билет? "Азаттыктын" кабарчылары Бишкек шаарынын тургундарына микрофон сунду.
Азыр калктын канча пайызы санарип колдонот? Эл арасында кайсыл маселелер орчун турат? “Азаттыктын” суроолоруна маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана РПО РМТР ишканасынын башкы директору Замирбек Мамбеталиев катышты.
“Эрдик-Подвиг” уюмунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов “Азаттыкка” маек курду.
Данисте: Аюу-Сайдагы 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкү, кооптуу аймактар тууралуу адистердин пикири, төкмө акындын бейкүнөө кеткендерди жоктоосу камтылды.
“Данисте”: Жалал-Абад облусунун көчкү жүрүп жаткан райондору эми кыяндын зыянын тартууда, жаштар менен тең күрөшкөн 70 жаштагы балбан Абакир Рысовдун байгелери, окуучулар кайтарган айгүл гүлү, Ала-Тоону мекендеген карачайлардын жашоосу.
“Данисте”: Сокулуктагы жер талаш, Нарындагы тоодой тоскоолдуктан өтүп билим алып жаткан балдар, чек ара көйгөйү сахнада, бишкектик иллюзионисттердин Голландиядагы ийгилиги, жапон келиндин Караколдогу демилгеси.
“Данисте” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында акимчилик көчүрө албай сотко берген үй-бүлөлөр, мектепке зар балдар, кир суу ичкен айылдар тууралуу видео баяндарды сунуш кылабыз. Ошондой эле күн сайын аялдаманы жууган аксакал, Бишкек-Ош жолун көпүрө курууну самаган жаш архитектор тууралуу берүүлөрдү кө
Дагы жүктөңүз