"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Алты мамлекетти велосипед менен кыдырып келаткан немис саякатчысы Бернард Шиссл мекенине кайтаар алдында Кыргызстандын түштүк-түндүгүн түрө кыдырып чыкты.
Музыкант Мукарам Мадаминованын “Кыргызстаным” деген өзбек тилиндеги видеосу интернетте көп көрүлүп, коомдук телеканалдарда да көрсөтүлө баштады.
Обондуу ырдын мазмунун дүлөйлөргө кыймыл менен түшүндүргөн окуучу, Ат-Башыда урап бараткан мектепке тобокел деп окуп жаткан балдар, ачылгандан бери күн-түн дебей иштеп жаткан Оштогу кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекети, Жалал-Абаддагы медреседе ашпозчулук боюнча билим алып жаткан кыздар жана башка б
Германия музейине берилген беш канат боз үй, Чолпон-Атадагы ат оюндары, Бишкектеги эпостор фестивалы, Стамбулдагы кыргыз мейманканасы, Сары-Челек коругунун азыркы абалы жана кыргыз-казак айтышынын байге ээлери тууралуу “Данисте” тележурналынан көрүңүз.
Бишкекке Испаниялык виртуоз-гитарчы, музыкант, Барселонадагы Лесеу консерваториясынын профессору Гиллем Перес-Квер "Гитар кайрыгынын 500 жылдыгы" деген музыкалык кече өткөрүп, кыргызстандык жаш гитарчыларга мастер-класс да уюштурду. Гилем Перес-Кверди «Азаттыктын» студиясында кепке тарттык.
Кыргызстандагы маяна бир айлык жашоого жетеби? Кочкордо табылган жер күмбөз Караханиддер дооруна таандыкпы? Опера жана балет театрынын фасадынан алынган белгилүү айкелдер кайра коюлабы? Эмнеге Кыргызстанда майып адамдар үчүн спорт машыктыруучулары табылбайт?
Москва шаарында жүз-эки жүз метрдей бийиктикте курулуш кранын башкарган кыргызстандык Зарина, бөлмөлөрү бөтөн уюмдарга ижарага берилген Оштогу майып балдардын эмканасынын абалы, Баткендин айылдарында түрдүү жумуштарда жалданып иштеген тажикстандык кыз-келиндер, Таласта карылар жана майыптар үйүнө би
Таласта Абдумалик Ахматов өз үйүн аутизм жана Даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн реабилитациялык борборго айландырды. Швейцарияда дарыгерлик кылган журтташыбыз Асан Кочкоровдун демилгеси менен Баткен шаарына ачылган көз оорулар үчүн эмкана ачылды. Орус классик адабиятчыларынын эмгегин 13 жаш
Эсиңиздеби, “Азаттык” майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн эртеден кечке базарда желим баштык чогултуп иштеген Айчүрөк аттуу кыз тууралуу баян жазып, кийинчерээк бул үй-бүлөгө дүйнөнүн төрт бурчунан жардам бергендер чыккан. Учурда Айчүрөктүн үй-бүлөсүн камкордукка алган уюм каржылоосун ток
Бул берүүнү чет жактагы журтташтарга арнадык. Түркиядагы, Украинадагы, Орусиядагы жана Тажикстандын Бадахшан аймагындагы кыргыздардын жашоосун жана ийгилигин чогуу көрөлү.
Швейцарияда офтальмолог болуп иштеп жаткан журтташыбыз Асан Кочкоровдун демилгеси менен Баткен шаарында алгачкы көз оорулар үчүн бөлүм иштей баштады.
Энеси таштай качкан ымыркайлардын тагдыры кайрадан күн темасына айланды.
Өз улуту, атасы тууралуу 18 жашында гана билген, кенедейинен Казакстанда чоңойгон жигиттин тагдырын баяндаган даректүү тасма, Баткенде чек ара тикесине кыргыз, тажик жаштарынын демилгеси менен курулган китепкана тууралуу баядарды “Данистенин” бул жолку чыгарылышында сунуш кылдык.
“Азаттыктын” “Эл аралаганда” түрмөгүнөн бул жолу Бишкектеги жайма базарларды, анда сатылган буюм-тайымдарды көрсөтөбүз.
Токтогул районундагы Чычкан капчыгайын түндук менен түштүктү бириктирип турган кан жол катары жана шам шум эте турган ашканалары менен гана элестетип келебиз. Негизи Чычкандын туристтерди кабыл алуу потенциалы чоң.
Элеттеги окуучулар иштеткен радиотүйүн. Беш баласына кошуп 22 баланы асырап алган боорукер үй-бүлө. Чычкан капчыгайына чакан ГЭС куруп, эко-эс алуу жайын түптөгөн ишкердин жаратмандыгы. Ушул жана башка баяндар "Данистенин" кезектеги берүүсүнүн назарында.
Күндүн адаттан тыш ысып кетиши Кыргызстанга жана анын жашоочуларына кандай таасир этет?
Сузакта кооптуу жерден көчүрүлүп чыккандар дагы эле жарыксыз, суусуз отурушат, элден чыккан археолог, Кыргызстанда кино тарткан кыз-келиндер жана талаага коё берилген эчкемер. Кеңири баяндарды "Данистеден" көрүңүз.
Британдык ырчы Сами Юсуфтун концерти тууралуу “Гамма Медиа” ишканасынын жетекчиси Ислам Сатаров маек курду.
Кара жумушта жүрүп, кийин бизнес ачкан чет жердеги ишкер журтташтардын ийгилиги, чек арадагы жаңжалдарды азайтууга себеп болгон жарык көчөлөр, "Айкөл Манас" драмасы өзбек театрына алып келген миллион сомдук жардам. "Данистенин" бул жолку чыгарылышында ушул жана башка баяндар тууралуу сөз болот.
Дагы жүктөңүз