"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү.
Мугалимдердин айлыгын жана пенсиясын көбөйтүү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. 30-40 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер айына 8-9 миң сом алышууда.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эл арасында өкмөт алмашары тууралуу кеп-сөздөр жүрүп жатканын айтып, “Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөткө иштээрин” билдирди.
- "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго “чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын аны жоопко тартууга макулдук берүү сунуштамасын караш үчүн бүгүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Соттун санкциясы жок жарандарды тыңшоого жана видеого тартууга каршы экенин Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.
Кыргызстанда экологиялык уюмдардын мүчөлөрү жана активисттер өлкөдө атомдук электр станциясын курууга каршы кол топтой баштады. Президент Садыр Жапаров базар кыдырып, сатуучуларга ККМ аппараттары тууралуу маалымат берди. УКМК тууралуу мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Анда атайын кызмат уруксаты жок эле өз алдынча камерага видео тартып, тыңшоочу аппараттарды кеңири колдонууну көздөйт. Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон жолукту.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу сот башталды.
Диплом чырынан улам Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын депутаты Орозайым Нарматованы мандаттан ажыратты.
Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын диплом маселесин кароодо.
Парламент Талантбек Имановду Санариптик өнүктүрүү министрине дайындоого макулдук берди.
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бүгүн анын бошотулушун талап кылган тарапкерлери атайын кызматтын алдына митингге чыгышты.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров таң эртеден бери суракта болду.
Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын баасын арзандатууну талап кылган эл үч күндөн бери тарай элек. Бишкекте “Тазалык” ишканасынын дагы бир жумушчусу машина коюп кетип мерт болду. Оштун милициясы чек арада кармалган өзбек жаранына байланыштуу түшүндүрмө берди.
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Чек ара кызматы билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылкы Октябрь окуялары боюнча сот уланды. Орусия "калайман мушташка катышкан, мыйзам бузган" деген 400 мигрантты 40 жыл өлкөгө киргизбейт.
Бажы кызматы жемкорлукка шектелген 40ка жакын кызматкери боюнча иликтөө аяктаганын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизмедеги 30 пайыздык гендердик квота боюнча жобосун шашылыш өзгөрттү.
Чаткалдагы Терек-Сай айылынын тургундары 13-декабрда жолду бууп, боз үй тигишкен. Мурдагы президент Аскар Акаев "Кумтөр иши" боюнча Кыргызстанга келди. Беларус оппозициясынын лидерлери узак мөөнөткө абакка кесилди.
Дагы жүктөңүз