Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияга товарын жөнөтүүдө кайрадан көйгөйлөргө туш болгонун айтууда. Алар бул өлкөгө товар сатууда талаптар күчөгөнүнө байланыштуу тонналарган жүгү чек арада турганын билдирип жатышат. Өкмөт болсо бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатканын билдирип келет.
Курман айт намазы 27-майда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окулду. Айт намазы Ош жана Манас шаарларында да борбордук аянттарда окулду.
Кыргызстанда диабетикалык бут синдромуна чалдыккан бейтаптардын көбүнүн бутун кесүүгө туура келет.
Таласта облус жана район жетекчилеринин катышуусундагы жыйында тургундардын бири 13 жаштагы небереси өгөй атасы тарабынан зордукталганын айтып, күнөөлүү адамдын катуу жазаланышын талап кылды.
Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон сегиз кишинин иши тергелип бүтүп сотко өттү. Милиция ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан эми сот отурумдары жабык өтөт.
2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев апрелчилерге "кун үчүн куруп берди" делген ишкана бир-эки айда кишке кирери кабарланды. Бишкекте ксалынган фабрикага президент Жапаров барды.
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде эл аралык соода-экономикалык парк курулары кабарланды. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде курулушу пландалып жаткан "Достук" эл аралык соода-экономикалык паркы 100 гектар аймакты ээлейт.
11 жаранга Биринчи май райондук соту “бийликти басып алуу” беренеси боюнча актап, башка беренелер менен жаза чегерди. Алардын алтоо 7 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылып, калгандарына үч жылдык пробациялык жаза берилди. Адвокаттар жана жакындары шектүүлөрдүн күнөөсү далилденбегенин айтышат.
Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык -педагогикалык институттун студенттери эки күн мурда милицияга жеткирилген. Буга алардын окуу жайдын аталышындагы “музыкалык” деген сөздү калтыруу талабы себеп болгон. Институт жетекчилиги жаңы өзгөрүүлөр талапка ылайык гана жүрүп жатканын билдирди.