"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист.
Кезектеги апта темасы балдардын коопсуздугуна арналды. Орусиянын Карелиядагы эс алуу лагеринде ондон ашык баланын өмүрүн алган кырсык балдардын коопсуздугуна кам көрүүнүн маанисин арттырды. Кыргызстандык балдар деле мындай тобокелчиликтерден корголгон деп айтуу кыйын.
Кыргызстанда миң адамга беш же жети донор гана туура келет. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
Парламент 1-июнда той-аштарга кеткен ашкере ысырапкорчулукту жоюу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектериндеги аймактарда сел коркунучу сакталып жатканын эскертүүдө.
Жогорку Кеңеш 25-майда террорчулук менен экстремизмдин идеяларын тараткан сайттарды жабуу тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган кыргызстандык паспорттордун жасалма экенин алдын ала иликтөөлөр көрсөтүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, паспорттордун түп нускасы Кыргызстандагы ээлеринин колунда экени аныкталды.
Forbes журналы Борбор Азияда экономикалык кыйын кырдаал жана муну улай туруксуз саясий абал түзүлгөнүн жарыялады.
Соңку кездери кыз-келиндер катышкан чыр-чатактар тууралуу маалыматтар көбөйдү. Акыркылардан болуп ичкилик ичкен абалында Алматы − Куала-Лумпур багытындагы учакта чатак чыгарып, жүргүнчүлөрдү бейпайга салган кыргызстандык селки тууралуу видеотасма интернет желесинде кызуу талкууланууда.
"Элдик парламенттин" лидери Бекболот Талгарбеков, мүчөлөрү Төрөбай Колубаев жана мурдагы мамлекеттик кызматкер Марат Султанов төңкөрүш жасоого аракеттенген деп кармалды.
Бишкекте итке таланган тургун тартип кызматтары ит ээсине чара көргөн жок деп даттанып жүрөт. Милиция болсо аракетсиздигин Кыргызстанда үй жаныбары үчүн анын ээсинин жоопкерчилигин караган мыйзам жок деген жүйөнү келтирүүдө.
Москвада жергиликтүүлөрдүн токмогуна кабылган кыргызстандык Актан Касымов 2-майда каза тапты. Жакындары анын улуттук жек көрүүчүлүктүн курмандыгы болгонун айтып, кылмышка шектүүлөр акыйкат жаза аларынан күмөн санашууда.
Кыргызстанда насыясын төлөй албай калган жарандарды банкрот деп таануу боюнча маселе быйыл да көтөрүлдү.
Кыргызстандагы Украина элчилиги Миграция кызматынын Крымга жарандарды жумушка орноштуруу аракетин өнөктөш эки мамлекеттин кызматташтыгына доо кетириши мүмкүн деп баалады.
Парламенттеги оппозициялык “Республика - Ата Журт” фракциясы Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн чыгымдарын иликтөө боюнча депутаттык топ түздү.
Учурда Жогорку Сотто таластык өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча иш каралууда.
Кыргызстандык активист Болот Ибрагимов “дрыщ” атка конгон Адилет Жунусовдун сотко кантип пара берип чыкканы жазылган аудиону интернетке жарыялады.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө милдеттүү аскер кызматын өтөп жүрүп, күтүүсүз өлүмгө кабылган жоокерлердин саны акыркы төрт жылда алтымыштан ашты.
Кыргызстанда ажылык зыяратка баруучуларды 11-апрелден тарта каттоо башталат. Зыяратчыларды каттоо тартиби, быйылкы жылдагы өзгөчөлүктөр, Сауд Арабия бөлүп берген квота тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттыкка” маек берди.
Кыргызстанда жол кырсыктарынан күн сайын үч-төрт адам каза табат. Жылына жети миңден ашуун жол кырсыгы катталып, миңден ашуун адам анын курмандыгы болууда.
Борбор Азияны кыдырып жүргөн ЕККУ төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандагы эки күндүк сапарын бүгүн жыйынтыктап, Тажикстанга жолун улады.
Дагы жүктөңүз