Таласта Бакай-Ата айылынын калкы таза суунун зардабын тартууда. Мыйзам боюнча район борборлору өзүн өзү каржылоо режиминде болгондуктан, Бакай-Ата айылы да “Таза суу” программасына киргизилген эмес. Бир кудуктан адамдар менен кошо жаныбарлар да суу талашат.
Таластагы акимдердин шайлоосун коштогон чырды чагылдырган журналисттерди белгисиз адамдар коркутуп-үркүтүшүүдө.
6-февралда Талас облустук акимчилигинин алдына райондордогу аким шайлоого нааразы болгон 70тей адам нааразылык акциясына чыкты.
Талас облусу боюнча акыркы он айда 90 жол кырсыгында 47 адам набыт болду. Буга унаалардын көптүгү, айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болууда.
“Коппер голд” компаниясынын Талас районунун Арал айылына жакын жердеги лагерин өрттөө фактысы боюнча айыптуулар жазаланышы керектиги бүгүнкү өкмөттүк жыйында да көтөрүлдү.
Күздүн келиши менен той-топур күчөп, эл жайды-жайлай маңдай тери менен тапканын аш-тойлорго чача баштады.
Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунун дыйкандары өстүргөн жер-жемишин Казакстандын Жамбул облусуна сатышат. Дыйкандар чек арадан өтүү күн санап кыйындап баратканын айтышууда.
76 жаштагы Талас шаарынын тургуну Сыргабай Күрүчбеков бала кезинде тылда иштеп, жарым кылымдан ашуун жүргүнчүлөрдү ташып айдоочу болуп, ошол эле кезде обон созо ыр ырдап, “Манас” эпосунан үзүндү айтып, бир канча республикалык кароо-сынактардын бир жеңүүчүсү болгон.
Таласта көз карандысыз комиссия былтыркы апрель окуяларында жараат алгандарга компенсация кандай берилип жатканын иликтөөгө алды.
Таласта алтын кендери боюнча чатактар арбын болуп келет. Жергиликтүү калк Талды-Булак кени жабылсын десе, облус бийлиги муну менен макул эмес.
Казакстан, Орусияда иштеп, бирок маңдай тери менен тапкан акысын ала албай жүргөндөр Таласта ондоп саналат.
Кендин абалын иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагынын негизинде парламент аны жабуу чечимин кабыл алды.
Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп калган таластык Кожоке Мамбеталиев ошол кездеги азаптуу күндөрдү эскерди.
Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов коалиция, өзүнө карата айтылып жаткан дооматтар тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Советтер Союзу маалында Талас облусундагы азыркы Ак-Дөбө (мурдагы Орловка), азыркы Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) айылдарынын калкынын көпчүлүк бөлүгүн немис улутундагылар түзгөн. Азыр алардын көбү түпкү мекени Германияга көчүп кетип, саналуу гана үй-бүлөлөр калган.