"Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Ысык-Көлдөгү 6-класстын окуучусун жоолук салынып келгени үчүн мектепке киргизбей жатышат.
Караколдо кыз ала качууга каршы жүрүш болду. “Ачылбаган гүлдөр” деген аталышта өткөн акция ала качуунун айынан өмүрүн кыйган кыздарга көпчүлүктүн көнүлүн бурууну көздөдү. Аймакта жарым жылда эле ала качуудан улам эки кыз жанын кыйган эле.
Зордук менен нике кыюу аракетинен улам Ысык-Көл облусунда соңку алты ай ичинде эки кыз өз жанын кыйганы коомчулукту кабатыр кылууда.
7-апрелде Ички иштер министрлигинин академиясынын эки курсанты мерт болгон. Алардын бири – Никита Кущ.
7-апрелде Кыргызстанда бийлик күч менен алмашканына бир жыл болот. Бул күнү 87 кыргызстандык мерт болуп, жүздөгөн адамдар айыккыс жараат алышкан. Алардын бири – милиция кызматкери Алмаз Акчакеев.
Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында адамдардын жанын ачыткан ачуу сөздөр көп колдонулат деп доомат айтылууда.
Үч доорду - падыша өкмөтүн, Совет бийлигин жана азыркы заманды көргөн, чоң окумуштуу, мударис Кусеин Карасаевдин өмүрлүк жубайы Айша Карасаева 103 жаш курагында дүйнө салды.
11-февралда Бишкектеги 49-орто мектептеги жаңжалды териштирүү боюнча комиссия түзүлдү. Бул мектепте мугалим окуучуну уруп жатканын бирөөлөр уюлдук телефонго тартып, интернет аркылуу таратып жиберген.