"Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.
Илим диний догмаларга кандай карайт, ал эми диндин илимий ишмердүүлүккө көз карашычы? Динсиз илим, же илимсиз дин болушу мүмкүнбү?
“Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы Кыргызстандагы жоолукчан мусулман кыз-келиндер, аларга карата коомдогу оң жана терс мамилелер тууралуу айтып берди.
Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин ректору, тарыхчы, окумуштуу Төлөбек Абдрахманов “кыргыз исламын” калыптандыруу керек деген демилге көтөрүүдө.
Ушул айдын башында Ирак менен Сириянын айрым жерлерин ээлеп алган «Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети» деп аталган ал-каидачыл уюшманын жетекчиси Абу Бакир ал-Багдади өзүн “дүйнөдөгү бардык мусулмандардын халифимин” деп тааныштырды.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 29-июнду Орозо айынын башталышы деп тапты.
Экстремисттик уюмдардын жайылышы, алардын жаштарды, кыз-келиндерди тузакка түшүрүп, азгырып жатышы боюнча аялдар өздөрү кандай ойдо?