"Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.
Өлкөнүн көзгө басар, жападан жалгыз мамлекеттик циркинин абалы азыр кейиштүү абалга келди. Маданий жайдын майда-чүйдө жерлери ондолгонун эске албаганда, ишке берилгенине 50 жылга чукул убакыт өтсө да бир дагы капиталдык ремонттон өтө элек.
Кыргыз Республикасынын эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жашында дүйнө салды. Ал жалпысынан 15 китептин, 6 монографиянын жана 300дөн ашык илимий жана публицистикалык макалалардын автору болгон.
Улуттук опера жана балет театрынын эмгек жамааты быйылкы жай айында чакан жаңылык жарата алышты. Алар шаар тургундарына жана сырттан келген конокторго өзгөчө концерттик программа тартуулап жатышат.
Бишкектеги “Ынтымак 2” паркындагы амфитеатр шаардыктардын маданий борборуна айланууда. Ал жерде эс алуучулар күнүгө кечинде ырдап-бийлеп, өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
Түрк драматургу Тунжер Жүженоглу бул көрүнүштү баяндаган "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды.
Белгилүү журналист жана публицист Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китеби жарык көрдү. Бул эмгек автордун он беш жашынан бери жазып келген күндөлүгүнүн негизинде жазылган. Анда автордун ички сезимдери, балалык чагы, студенттик турмушу,
Кыл кыяк - элдик аспаптардын бири. Ал муң-зарлуу кайрыктарды өзүнө камтып, өткөн доордун музасын чакырып турат. Белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев - кыл кыякты кийинки муунга кеңири жайылтууга аракет кылып жаткан өнөр адамы.
"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Билим айтыш” долбоорун баштады. Анда төкмө акындарды медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтуу боюнча окутууда.
Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү театр жана кино актёру Нуржаасын Жумагулов учурда бөйрөгүн алмаштырууга муктаж. Ал борбордогу жеке гемодиализ борборлорунун биринде дарыланып жатат. Актёрдун операциясы үчүн азыр бир топ каражат керектелүүдө.
Шадыбек Эрназаров өлкөдөгү керамика чеберлеринин бири. Ал искусствонун бул тармагын өлкөдө өнүктүрүү үчүн алдыда керамика мектебин ачууну пландап жүрөт. Анын жубайы Кыял Аккүчүкованын ысымы да кыргыз сүрөт чөйрөсүндө таанымал. Таланттуу түйгөйлөр бири-биринин дүйнөсүн толуктап, колдоп келет.
10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
1-июнда Бишкекте балдардын экинчи эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы башталды. Ага Орусиянын Алтай, Тыва Республикаларынан, Казакстандан, Монголиядан да өнөрпоздор катышууда.
Акын Мирлан Алтымыш уулу 200 түтүн эл жашаган Токмок шаарынын четиндеги дачада айыл башчы болуп иштейт.
Белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовдун туулган күнүн утурлай анын жакындары эки китебин жарыкка чыгарып, 27-майда бет ачарын өткөрдү. "Доско кат" аттуу китепке буга чейин жарык көргөн жана жазылып, жарыяланбай калган ырлары, поэмалары, котормолору камтылган.
Дагы жүктөңүз