"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Бишкекте 6-кабаттан эки баласы менен кулаган келиндин сөөгү жерге берилди. Анын ымыркай кызы чарчап калды, беш жашар кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Орусиянын армиясынын Одессага жасаган түнкү чабуулу 3 адамдын өмүрүн алды. Орусиянын бир катар шаарлары да дрон чабуулуна дуушар болду.
Туура эки жыл мурда кармалган 11 журналисттин айрымдары пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыккан. Алар баштагыдай иштеп, келечегин куруп же журналистикага кайтып келе албай жатат. Соттуулугу бар журналисттер азыр кайда? Алар эмне менен алек?
Парламенттен бир ай мурун кеткен экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды. Атайын кызматтын маалыматында ал кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, айрым жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби кылуу аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган деп шектелүүдө.
Соңку жылдары сыртта жашап келаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президентке кайрылуу жасады. Ал Бишкектеги өзүнө тиешелүү болгон "Томми Молл" соода борбору Камчыбек Ташиевдин аялына жакын адамдарга өтө арзан баада берилип кеткенин жазды. Буга байланыштуу жагдайды акыйкат текшерүүгө чакырды.
Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырды. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айтып, буга жабык жайларда адам укуктары бузулуп жатат деген жүйө келтирди, атайын комиссия түзүүнү сунуштады.
7 жыл 8 айга кесилип, ушул тапта абакта жазасын өтөп жаткан оппозиционер Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырды. Саясатчы мындай чакырыкты Камчыбек Ташиев УКМК төрагылыгына алынып, атайын кызмат реформаланат деп убада берген учурга туш келди.
Камчыбек Ташиевдин кайтып келиши жана анын коомдук-саясий кырдаалга таасири туурасында ар кандай пикирлер айтылып жатат. "Азаттык" саясат талдоочу Эмил Жороевду кепке тартып, бир нече суроо узаттык.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетти. Орусияда интернет байланыш катуу чектелүүдө. Эл WhatsApp жана Telegram мессенжерлерин, банк карталарын, такси, тамакка буюртма берүү өндүү тейлөө тиркемелерин пайдалана албай калды.
Парламенттен сегиз депутат өз арызы менен кетти. Кара майдын маанилүү артериясы болгон маршрут Перс булуңунда согуш башталганы бөгөттөлүп калды. Ошто курулушка катышкан ишкерлер иш акысын ала албай жатат.
65 жаштагы балыкчылык активист Марат Акатов жарым жылдан бери абакта. Ал Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн “массалык башаламандыктарга чакырык” беренеси менен 2,5 жылга соттолгон. Жакындары ал өз позициясы үчүн куугунтукка кабылды деп эсептеп, бийликтен анын ишин кароону суранышат.
Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Адвокаттын "медианын кайсы материалы коомго терс таасирин тийгизет деген суроо ачык калды" деген жүйөсүнө сотто көңүл бурулган жок.
"Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кине менен жети ай абакта отуруп чыккан журналист Куттумидин Базаркулов жабык жайда басымга кабылганын айтып чыкты. Ал өзүнө мыйзамсыз иш козголгонуна даттанып, өлкө жетекчилигине кайрылды.
Кыргызстанда соңку жылдары "Массалык башаламандыктар" өңдүү оор беренелер менен соттолуп, камалган журналист, активист жана жарандык коом өкүлдөрүнүн иштерин кайра кароо талабы айтыла баштады. Ушул тапта адилеттик издеген жарандар өздөрү дагы тийиштүү органдарга кайрылып жатышат.
Кыргыз бийлиги укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирди.
Абакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотто 5-мартта каралмай болду. 3-мартта судьялардын бири ооруп калгандыктан отурум жылдырылды.
Кыргызстандагы медиа уюмдар коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам журналисттерге, активисттерге "Жапырт башаламандык" жана башка оор беренелер боюнча козголгон иштерге жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүттөнүп жатышат.
УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш иши алкагында беш адам камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Атайын кызматта жетекчиси Камчыбек Ташиев кеткенден бери камоолор токтой элек.
28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку урган соң Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуду. Тегеран жооп иретинде Израил жана АКШнын Катар, Кувейт, Бахрейн жана Сауд Аравиядагы аскердик базаларына сокку ура баштады. Катардын борбору Дохада жашаган кыргызстандыктар “Азаттыкка” сонку кырдаалды айтып беришти.
Дагы жүктөңүз