"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Жайыл районунун тургуну, ардагер Виктор Стерликов согуш башталган 1941-жылы болгону 13 жашта эле. Атасы кан майданга кетип, кайтпай калганда үч карындашы, апасын карап калган үйдөгү жалгыз уул болгон. 17 жашка толгондо кызыл армиянын катарына кошулуп, жапондор менен урушка катышкан.
Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу башталды. “Бишкек-солар” компаниясы бул үчүн 300 млн. доллар керектеп, ага Британия, Кытай жана Казакстандан инвесторлор менен өнөктөштөрдү тарткан.
Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунда миңдеген аскер жана жайкын тургундар орус армиясынын курчоосунан чыга албай турат. Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын "Кумтөр Голд компаниден" кенемте төлөтүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартты.
Путин Мариуполдогу "Азовсталга" чабуулду токтотууну буюрду. Бирок заводдун айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" тапшырды. Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, Азия чемпиону аталды.
20-апрелдин таңында Орусиянын күчтөрү "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну улантты. Жогорку Кеңеш 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын бекиткен мыйзамды кабыл алуудан баш тартты. Өкмөт сырттан ташылып келген байланыш аппараттарын милдеттүү каттоону сунуштады.
Орусиянын армиясы Украинанын чыгышында «агрессивдүү аракеттерин» баштады. Өкмөт бекиткен “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору ишке аша элек. Кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болушту.
Орусиянын армиясы Украинанын бир катар шаарларына ракеталык сокку уруп, андан жыйырма чакты жайкын тургун курман болду. Рахмон 20 жылдын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын 68,4% макулдашылды деп билдирди. Жапаров президенттин администрациясынын жаңы имараты тууралуу маалымат таратты.
Бишкектин “Кут” жаңы конушунун тургундары 17 жылдан бери бир дагы районго карабай, анын негизинде социалдык маселелери чечилбей келатканына нааразы.
Чек ара кызматы бүгүнтөн тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөнү токтотконун билдирди. Эми кыргызстандык жарандар коңшу өлкөгө эч тоскоолдуксуз өтө алат. Бирок, коронавируска байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу керек.
Украина президенти Владимир Зеленский армиясынын аракетин жогору баалап, бирок, жакын арада Донбасcта жана Мариуполдо айыгышкан кармаштар болушу мүмкүн экенин эскертти.
Вашингтон президент Путиндин кеңешчилери чындыкты айтуудан коркуп, ага жалган маалымат берип жатканын билдирди. Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" окуу борборунда “Байрактар” учкучсуз учактарын менен тактикалык машыгуу өттү. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар соңку эки жылда кескин көбөйдү.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эгер Украинанын коопсуздугуна бир нече мамлекеттер кепилдик берип, өлкөнүн Евробиримдикке кошулушуна тоскоолдук жаралбаса Украина бир дагы аскердик уюмга кошулбайт.
Украин менен Орусиянын ортосундагы кезектеги сүйлөшүү Стамбулда башталды.
Украин президенти Владимир Зеленский коопсуздук кепилдиктери берилсе, Киев нейтралдуу макамга макул болушу мүмкүн экенин орусиялык журналисттерге айтты.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия аскерлери Киев, Чернигов, Сумы, Мариуполь жана Харьков шаарларын алууга кайрадан даярданып жатканын билдирди.
Орусия армиясынын Украинага киргенине бир ай толду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап позицияда. 24-мартка карата президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, 2005-жылы коом адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасаганын белгиледи.
Украинанын Мариупол шаарынын 100 миңдей тургуну камоолдо турат Украин президенти Владимир Зеленский туруктуу гуманитардык коридор ачууга тоскоол болуп жатат деп Орусиянын армиясын айыптады.
Украина президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу максатында Орусия президенти Владимир Путин менен “кандай форматта болбосун” жолугууга даяр экенин айтты.
Дагы жүктөңүз