Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн чоо-жайы тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков кеп салат.
Жогорку Кеңештеги кыскартуулардын демилгечиси, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков кыскартуулар тууралуу ой бөлүштү.
7-январда Кыргызстандагы православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөдө. Чиркөөлөрдө сыйынып, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.
2012-жылдан тарта өкмөт ишканаларды жөнсүз текшерүүгө бөгөт коюуну көздөөдө. Бирок ишкерлер бул демилгелер сөз бойдон калат деп чочулап жатышат.
“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу көп тил билүү өнөрүнө арналды.
Өзбекстан Тажикстанга эскертпестен эле газдын оозун бууп койду. Ал ортодо Кыргызстанга өзбек газы бирде берилип, бирде токтотулуп жатат.
Кыргызстанда 70тен ашык судьянын мөөнөтү аяктап, Сотторду тандоо кеңеши толук кандуу иштебегендиктен, бошогон орундарга сынак жарыяланбай турат.
Жаңы жылда маалымат мейкиндигинде эмнелер күтүлөт, "Азаттыктын" кандай максаттары бар? Бул тууралуу "Азаттык-Медиа" мекемесинин директору Султан Жумагулов айтып берет.
Кышкы эс алуу маалында капчыктуу кыргызстандыктардын көбү Бириккен Араб Эмираттарына сапар алышат.
Оштогу аба кырсыгынын күңгөй-тескейи тууралуу Кыргызстанда жарандык авицияны көп жылдан бери жетектеген, учактар боюнча адис Тимур Муратов маек курду.
Түштүктө жума намазынан улам тейлөө кызматтары үзгүлтүккө учуроодо. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Курбаналы Узаков маек курду.
Салттуу диндерден жаңы диний агымдарды ажыратуу демилгелери тууралуу Каныбек Осмоналиев ой бөлүштү.
Орусияда 24-декабрда өткөн ири нааразылык акциялары тууралуу эл аралык байланыштар боюнча адис Чынара Эсенгул ой бөлүшөт.
Өкмөттүн жаңы курамы тууралуу “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун директору, көз карандысыз талдоочу Кубанычбек Өмүралиев ой бөлүштү.
Жогорку Кеңеште 22-декабрга белгиленген премьер-министрди шайлоо кийинкиге калды. Бул жагдайдын күнгөй-тескейи тууралуу саясат талдоочу Темир Жумакадыров ой бөлүштү.
Апрель соту кайрадан белгисиз мөөнөткө жылды. Бул жараяндын күңгөй-тескейи тууралуу “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариевди кепке тарттык.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою абакта калтырылышы боюнча акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” маек курду.
Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” маек курду.
Алмазбек Атамбаевдин алгачкы жумушчу сапары жана Бажы биримдиги сыяктуу маселелердин соңку өнүгүшү тууралуу экономист Азамат Акелеев ой бөлүштү.
Өкмөттүн жаңы түзүмүнүн күңгөй-тескейи тууралуу убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди кепке тарттык.
Дагы жүктөңүз