Чүй облусунун Новопавловка айылында Совет мезгилинен калган акыркы ракеталык уулу отун жок кылынат.
Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген мыйзамга кол коюлду. Бул мыйзамды кабыл алуу убагында кызуу талкуу жаралган. Жаңы мыйзамдын мааниси жана коомдогу пикирлер тууралуу сөз кылабыз.
Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. Сапардын алкагында президенттер Бишкектин жанында курулуп жаткан кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа заводун ачышат. Бул завод эки өлкөнүн ортосундагы ири долбоорлордун бири болуп саналат.
Кыргызстанда АКШ доллары менен орус рублинин сомго карата куну кыйла түшүп кетти.
Соодадагы патентти жоюп, көзөмөл-кассалык машинени милдеттүү колдонуу тартиби 1-июлдан тарта күчүнө кирди.
Президент Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө, иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчүдө ири металлургиялык компания менен титаномагнетит иштеткен ишкана куруу боюнча меморандум түзүп келди.
Жогорку Кеңеш 26-июнда Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды. Жабык добуш берүүдө аны 75 депутат "макул" деп колдоду. Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Тургунбаев өлкөнүн негизги банкын башкарууга билими, иш тажрыйбасы жетерин айтты.
25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду. Бул документ 1999-жылкы Бишкек-Брюссел ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат.
Эки жыл мурда Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу кедерги болуп, өлкөдө инфляция кескин өсүп, эсептик чен 14% чейин жеткен эле. Быйыл жыл башынан бери эсептик чен эки жолу төмөндөтүлдү.
Орусиянын финансы институттары АКШнын санкциясына кабылган жагдайдан улам, Кыргызстандагы кээ бир банктар 13-июнда орусиялык банктарга жана финансы институттарга айрым убактылуу чектөөлөр киргизилгенин жарыялашты.
Өзүн Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 600 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана компанияларынын жеке маалыматын ачыкка чыгарганын жарыялады. "Азаттык" бул маалыматтын чын-бышыгын иликтеп көрдү.
Кыргыз бийлиги өлкөдө жакырчылыкты жоюп, өнүгүү жолуна түшкөнүн жарыялады. Өлкө жетекчилиги Дүйнөлүк банк жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдардын рейтингдерин мисал келтирди. Карапайым калктын жашоосу өзгөрдүбү?
Бишкектеги 18-майга караган түндөгү окуялардан кийин Кыргызстан менен Пакистандын расмийлери бир нече жолу жолугуп, бул өлкөнүн тышкы иштер министри сапар менен келип кетти.
Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан быйыл "тобокел" абалдан "туруктуу" деңгээлге келди деп бааланды.
Бишкектеги башаламандыкка 13-майда шаардагы хостелдердин биринде жергиликтүү тургундар менен чет элдиктердин мушташы себеп болгонун кыргыз бийлиги билдирди. Бишкек милициясы төрт күн бою мушташтын чоо-жайын териштире алган эмес. Жергиликтүүлөр күнөөлүүлөрдү өздөрү таап, жазалоону чечишкен.
Дагы жүктөңүз