"Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Өлкө түштүгүндөгү кандуу калабанын башталганына туура бир ай толсо да окуя кантип тутанганы боюнча талаштарга азырынча чекит коюла элек. Убактылуу өкмөт коогалаңды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түздү.
Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн саясий партиялардын саны жүз кырк бирге жетти. Алардын көпчүлүгү шайлоолордун алдында гана үн чыгара калышса, айрымдары саясий уюм катары калыптанып, көз каранды эместик жылдарынан бери ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз улантып келе жатышат.
Кыргызстанда кант кызылчасын өндүрүү тармагы оор учурду баштан кечирүүдө. Жергиликтүү дыйкандар кийинки мезгилде өзүн-өзү актабай калгандыктан, кант кызылчасынын айдоо аянттарын кыскартууга аргасыз болушкан. Ошол эле учурда өзүн-өзү камсыздоого толук табийгый мүмкүнчүлүгү болуп туруп, өлкө сексен беш пайыздан ашуун ак кант менен кумшекерди сырттан ташып келүүгө муктаж
Кыргызстандагы маалымат коопсуздугунун бошоңдугу жалпы улуттук коопсуздукка жана эгемендикке коркунуч келтириши мүмкүн. Мындай мазмундагы тынчсыздануулар Бишкекте 2-июль күнү болуп өткөн медиа форумдун башкы темасына айланды. Бир катар медиа адистер Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуяларды айрым чет элдик маалымат каражаттарынын бир жактуу жана бурмалоо менен чагылдырып жатышы өлкөнүн эл аралык абройуна гана эмес, ички саясий туруктуулугуна да терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгилешти.
Жарандарды убактылуу жашаган жери боюнча кошумча тизмеге киргизүүнү караган Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөр өлкөдөгү жаңы саясий чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Бул боюнча тынчсызданышкан Борбордук Шайлоо Kомиссиясынын айрым мүчөлөрү шайлоо кодексине кандай гана болбосун өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн өзү учурда укуктук жагынан көптөгөн суроолорду жаратарын белгилешти.
Өлкө түштүгүндөгү калаба учурунда стратегиялык жайлардын коопсуздугу боюнча да тынчсыздануулар болбой койгон жок. Туруксуз кырдаалга байланыштуу ири суу сактагычтар жана ГЭСтер күчөтүлгөн кайтарууга алынды.
Айрым серепчилер Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алышын чөлкөмдөгү башка өлкөлөр чочулоо жана күмөнсүнүү менен карап турушканын белгилеп жатышат. Орус президенти Дмитирий Медведев болсо Кыргызстанда мындай идея ишке кандайча ашырылаарын элестете албасын айтып чыкты.
Убактылуу өкмөт алдыдагы референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын утурумдук жаңы курамын дайындоо эрежелерин жана анын иштөө тартибин аныктай албай убара. Мындай туңгуюктук айрым жарандык коом өкүлдөрүнүн жана саясатчылардын сынына кабылды.
Ошто көчө балдарынын көйгөйү курч маселеге айланууда. Бул багытта Ош облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү билим берүү тармагынын кызматкерлери менен биргеликте кароосуз калган балдардын өздүгүн тактоо, алардын турмушунун социалдык себептерин иликтөө боюнча атайын иш чаралардын жумалыгын өткөрө баштады. Иш чаранын алкагына мектеп жашындагы кароосуз калган балдарды жайгаштыруу жана окууга тартуу маселеси да камтылган.