"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
27-январь Холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү. Деги эле ушул окуянын тегерегинде Бишкектеги жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхман кенен маек куруп берди.
Кыргызстанда беш миңден ашуун түрктөр окуп жана иштешет. Алардын дээрлиги кыргыз тилинде сүйлөй алышат. Арасында кыргыз жарандыгын алып, кыргыздан кыз алгандар да бар.
Учурунда "18 жаш","Таалайбек" аттуу ырлар менен белгилүү болгон булбул үндүү Зейнеп Шакеева азыр чыгармачылык менен көп алектенбей, небересин жетелеп үйүндө. Бирок эски ырларды жаңылап жаздырууну болжоп жүрөт.
Айрым саясатчылар Таласта болгон окуяны президенттик шайлоо өнөктүгүнүн башталышы катары баалап жатышат. Алар бийлик өз күчүн алдын ала көрсөтүп баштады деп айтышууда.
Адистердин айтымында, убакытты туура пайдалануу жашоодогу мүмкүнчүлүктөрдүн толук ачылышын камсыздайт. Өмүрдүн кадыр-баркына жетүү жана жашоого чыгармачылык мамиле жасоону үйрөтөт.
Эл аралык "Фридом Хаус" уюму "Дүйнөдөгү эркиндик" деп аталган кезектеги жылдык баяндамасын жарыялады. Анда өткөн жылы саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча Кыргызстан артка чегингени айтылат.
Кыргызстанда бүгүн бир миллионго чукул православ христиандар Ыйсанын туулган күнүн майрамдап жатат. Алардын сыйынуусу өлкөнүн ар кайсыл чиркөөлөрүндө кечээ түштөн кийин башталып, таң атканча улантылган.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жакын арада компьютердик оюндардын кесепетин талкуулашат. Алар акыркы убакта балдардын компьютердик оюндарга көбүрөөк азгырылып жатышынын кесепеттерин карашат.
Укук коргоочулардын баамында “Демократиянын аралчасы” аталган Кыргызстан 2008-жылы кыйла артка чегинди. Алар өтүп бараткан жыл адам укуктары тебеленген, куугунтуктарга мол жылдан болгонун айтышууда.
Кыргызстандыктардын көбү кытай товарларын арзан болгондуктан көп колдонушат. Адистер бул өлкөдө өндүрүлгөн буюм-тайымдар ден соолукка терс таасир берерин билдиришүүдө.
18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. Кыргызстандан бир жарым миллионго жакын адам өлкөнүн тыш жагында иштеп жүрүшкөнү айтылып жүрөт. Адистер миграциянын пайдасынан зыяны көп экенин айтып жатышат.
Акыйкатчы институнун алдындагы укук коргоочулар кеңешинин жыйынында Ноокаттагы окуя талкууга алынды. Анда укук коргоочулар баш-аламандыктын чыгуу себебин өздөрү иликтей тургандыктарын билдиришти.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, балалык кези тууралуу көптөр айтып, жазып жүрүшөт. Ошентсе да жазуучунун балалыгы кандай өткөнүн, кандай ага болгонун бир тууган карындашы Роза Айтматовадан угалы.
Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүнөн соодагерлер Бишкектеги «Дордой» базарында дүңүнөн соода кылып кетишет. Бирок соңку убакта базарда соода мурункудай болбой калганы айтылууда.
29-нобрда өткөн элдик курултайда өлкөнүн өнүгүү стратегиясы катары Кыргызстандын жаңы саясий системасынын концепциясы бекитилди. Жаштар бул концепцияны түзүүдө алардын ролу чоң болгонун белигешүүдө.
Азыр пластикалык операция аркылуу келбетин өзгөртүүнү каалаган кыздар эле эмес эрекектер да көбөйгөн. Бирок адистер аны текшерүү, изилдөөдөн өтүп жасатпаса ден соолукка коркунучтуу экенин айтышат.
25-ноябрь аялдарга зомбулук кылууга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстанда беш миң зомбулук көрсөтүү фактысы катталса, жабыркагандардын 90 пайызы аялдар.
Кыргызстанда “халал” деген ат менен ачылган тамак-аш сатуучу жайлар көбөйүүдө. Адистер алардын көбү талапка жооп бербей, акыркы кездерде жөн гана кардал тартуунун жолуна айланып баратканын айтышууда.
Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өнөкөт өпкө оорулуулардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Республика боюнча ушул дартка чалдыккандардын саны отуз эки миңге чамалайт.
Корупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен иш чарасынын негизинде ири жогорку окуу жайлардын жетекчилиги текшерүүгө алынып, чү дегенде эле эки ректор кызматынан алынды.
Дагы жүктөңүз