"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар англис, орус тилдерин үйрөнүп, бычып-тигүү жана компьютер боюнча курстарда окуй башташат. Ушул багытта кызматташуу тууралуу келишимге "Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору менен Бишкектеги майыптар коому кол койду.
11-октябрда Кыргызстандын түндүгүндө жер титиреп, силкинүү түшкү саат 12:25те Чүй тарапта 4 балл, Бишкек шаарында 2-3 балл болду.
АКШнын президенти Барак Обама Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгына татыды. Кыргыз саясатчылары ушул жылы гана президенттик кызматка келген Обаманын мындай мартабалуу сыйлыкка ээ болушуна түрдүү пикирлерин айтып жатышат.
Жогорку Кеңеш менен Президенттин администрациясын каржылоого 2010-жылы мамлекеттик казынадан 1 млрд. сом бөлүү пландалып жатат. Бул тууралуу Коммунисттер фракциясынан депутат Анаш Сейтказиев “Азаттыкка” маек курду.
Расмий маалыматтар боюнча ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын саны Кыргызстанда 2500дөн ашуун. Бейрасмий маалыматтарга караганда, бул көрсөткүч он эсе көп.
Кыргызстанда жакырчылык, миграция, мугалимдердин жетишсиздиги сыяктуу социалдык курч маселелердин айынан көптөгөн балдар мектеп тарбиясынан сыртта калууда.
Кыргыз улуттук университетинин студенттери окуу жайдагы мыйзамсыз акча жыйноо фактыларына каршы биригип күрөшө баштады.
Кыргызстанда шылуундардын торуна илингендер көбөйүүдө. Шылуунчулук боюнча быйылкы жылы сегиз айда эле эки миңден ашуун кылмыш иши козголгон.
Бүгүн адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” эл аралык фестивалы укук коргоочулар жана режиссерлордун жыйыны менен башталды.
Казакстанда "Нур отан" партиясы президент Назарбаевди өмүрү өткөнчө бийликте калтыруу сунушу менен чыкты. Айрым серепчилер мындай демилге Кыргызстанда да козголушу ыктымалдыгын айтууда.
Кыргызстандык укук коргоочулар казакстандык кесиптеши Е. Жовтистин камалышын саясий боек деп сыппаташып, соттон адилет чечимди талап кылышты.
Орусияда өз наристесин таштап, кээ бирлери өлтүрүп кеткен фактылар көп каттала баштады.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өз жанын кыйган адамдардын саны боюнча Борбор Азияда Кыргызстан экинчи орунда тураарын жарыялады.
Баш кошуу үчүн тогуз саны тогошкон күндү тандап алган жаштардын саны күтүлгөндөн алда канча аз болду.
БУУнун балдар уюму - ЮНИСЕФтин иликтөөсүндө Кыргызстанда элет окуучуларынын токсон пайызы окуусун үзгүлтүккө учуратары аныкталган.
Улгайган адамдар пенсияны жогорулатууну, жол кирени арзандатууну жана медициналык тейлөөнү жакшыртууну өкмөттөн өтүнүп жатышат.
Кыргызстан өз калкынын 90% азык-түлүк менен камсыз кылганга шарты бар. Ал үчүн мамлекет жергиликтүү дыйкандарга кам көрүп, аларды ишке кызыктырышы керек. Бул оюн айыл-чарба адиси, академик Жамин Акималиев “Азаттыкка” айтып берди.
Кыргызстанда медицина тармагында билим алып жаткан студенттердин көбү окууну бүтөөрү менен чет мамлекетке кетүүнү самашат. 2008-жылы 1,5 миңдей врач, 800 жакын мээрбан айым өлкөдөн чыгып кеткен. Элет жеринде, ал турсун облустук ооруканаларда акушер-гинеколог, анестезиолог жана хирургдар жетишпейт.
Ыңкылаптан кийин келген азыркы бийликте үй-бүлөлүк башкаруу тамырын жайып кеткени, ал тургай үй-бүлөлүк, кландык башкаруу тоталитардык диктатурага айланып бараткандыгы тууралуу сөз акыркы мезгилдери коомчулукта күчөп турат.
Апта башында казак маалымат булактары Кытайдан келген жашылча-жемиштерден адамдын ден соолугуна зыяндуу гептохлор заты табылганы тууралуу кабар таратты. Кытайдын жашылча-жемиштери Кыргызстанга да алынып келинээри маалым. Ушул тапта Кыргызстанда да иликтөө иштери жүрүүдө.
Дагы жүктөңүз