"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Оштон серепчи Руслан Ташанов “Азаттыкка” маек куруп, тартип коргоо кызматкерлеринин көчөлөрдө арбын жүрүшү элдин бийликке болгон ишенимин жаратууда дейт.
Бишкекте 136 адам кенеге чактырып алып, жардам сурап кайрылган. Бишкек шаардык мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева “Азаттыкка” маек курду.
Өлкө башчысы Роза Отунбаева укук коргоочулар менен жолугушту. “Азаттыктын” суроолоруна "Эркиндик үнү" уюмунун башчысы Сардар Багышбеков жооп берди.
Бүгүн - Конституция күнү. “Азаттыктын” суроолоруна саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жооп берди.
“Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков сөз эркиндиги жана журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Окумуштуу жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов түштүктөгү коогалаңды иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу тууралуу пикирлерин ортого салды
Драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев июнь коогалаңынын тегерегинде “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Журналист Кыяз Молдокасымов “Азаттыкка” курган маегинде кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты, Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрага орун басары Кенжебек Бокоев чек ара маселеси боюнча маек курду.
Кыргызстан ислам кыймылы деген уюм түзүлгөнүн, анын максаты өлкөгө бүлүк салуу экенин УКМК төрагасы 29-апрелде парламентте жар салды.
Чүй менен Таластан келген миңден ашуун кызылчачылар сырттан ташылган шекерге бажы төлөмүн алып салган өкмөт чечимине каршы нааразылыкка чыкты.
Жергиликтүү сейсмологдор бир топ убактан бери эле Кыргызстанда күчү 5-8 баллга жеткен жер титирөө болушу ыктымалдыгын кулак кагыш кылып келет. Мындай шартта айылдардагы, айрыкча Бишкектин жака-белиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн 60-70% туруштук бербей, кулап калышы мүмкүн экенин адистер белгилешүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлиги кош бойлуу аялдарга төрөт алдында 300 сомдон акы төлөө боюнча токтом даярдоодо.
Жогорку Кеңеш КТРК тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алып, анын Байкоочу кеңешин таратуу-таратпоону токтом менен чече турган болду.
Жогорку Кеңеш 21-апрелде акыйкатчынын жылдык баяндамасын угуп, канааттандырарлык эмес деп баалады.
Бишкекте жугуштуу илдеттерди изилдөөчү биолабораториянын курулушуна бир катар экологдор, укук коргоочулар жана жергиликтүү тургундар каршы чыгууда.
Йемендеги элдик толкундоолор учурунда жараат алгандарга кыргызстандык дарыгерлер да жардам көрсөтүүдө.
Бишкектеги мектептердин биринин жертөлөсүндө курал-жарак саткан дүкөн азыр депутаттардын жана коомчулуктун көңүлүн бурууда.
СССР Илимдер Академиясынын Космосту иликтөө институтунун Кыргызстандагы “Аалам” конструктордук өзгөчө бюросу дээрлик жоюлуп, анын имараты тигүүчү цехке айланып калды.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданышы мүмкүн. Бул маселе Ташкенде талкууланды.
Дагы жүктөңүз