"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Мамлекеттик жана расмий тилдердин айланасындагы парламенттик талаш коомчулукта жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.
Шаарларда эстеликтер жамыроодо. Алардын тарыхый-архитектуралык, маданий-эстетикалык талаптарга канчалык төп келээри "Азаттыкта" талкууланды.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги Социалдык өнүктүрүү стратегиясынын үч жылдык долбоорун иштеп чыкты. Анда балдар үйлөрүн азайтып, жөлөк пулду 7 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.
Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүү акысыз дегенге ишенесизби? Саламаттыкты сактоо тармагын акылуу кылып, бирок сапатын талап кылуу керек деген көз карашка кандай карайсыз?
Жаштар жана жарандык активисттерден турган топ Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча Концепциянын альтернативдүү долбоорун сунуштап жатышат.
Депутаттардын теңинен көбүнүн жыйынга катышпаганы жарандык уюмдардын сынына кабылды. “Арай көз чарай” талкуусу депутаттардын жүрүм-турумуна арналды.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү башталды.
Жакын арада коомдук талкууга чыкканы жаткан "Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө" мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу депутат Эгемберди Эрматов айтып берди.
Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов улут аралык жаңжалдарга майда-чоң дебей маани берүү зарыл деп эсептейт.
2012-жылы жайында боло турган Лондон Олимп оюндарына азырынча үч гана кыргызстандык спортчу жолдомо алышты.
Кумарканаларга тыюу салган мыйзамга карабай борбор калаада айрым казино, оюн автоматтар ишин улантууда. Аталган мыйзам 1-январдан тартып күчүнө кирген.
Айрым эксперт, саясатчылар Кыргызстанда саясый партиялар кризиске кабылганын айтууда. Ушул тапта 163 партия ырасмий каттоодон өткөн. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
Кризистик борборлор ассоциациясынын иликтөөсү боюнча, өлкөдө ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылат.
Кытайдын Үрүмчү калаасында үч-төрт жылдан бери мекенине кайта албай, көрүнгөн эшикти каккылап жүргөн кыргызстандык жарандар бар.
Кыргызстандын жаңы өкмөтү энергетикадагы каатчылыктан чыгуунун жаңы жолдорун сунуштоодо.
Акыйкатчы институту менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алдамчылардын торуна илинген мигранттардын тагдырын иликтөөдө.
Кыргызстандын 7 абак жайында ачкачылык акциясы жүрүүдө. Түрмөлөрдөгү нааразылыктардын саясий себептери барбы?
БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Бишкектеги маалымат жыйынында кыйноо Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш деп баалады.
Казакстан менен Тажикстанда экстремизмдин жандануусу Кыргызстанга да таасири тийээри кооптондурууда.
Келечектеги өкмөттүн 100 күнү жана "Жаңы багыт" программасы коомчулукка сунушталды.
Дагы жүктөңүз