"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында укук коргоо органдарындагы аялдардын санын көбөйтүү аракети көрүлүүдө.
Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктө октон жараат алган эки жоокердин бири эсине келбей каза болду.
Өкмөт электр энергиясына бааны көтөрүү чечиминен кайтып, күзгө чейин өзгөрүү болбой турганын билдирди.
"Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби" уюмунун изилдөөсүнө караганда, өткөн жылы Кыргызстандагы маалымат каражаттарында ксенофобия, исламофобия жана гомофобия сыяктуу көрүнүштөр көбүрөөк байкалган.
Кыргызстанда оор жана каражатты көп талап кылган операцияга муктаж жарандарга жардам берчү мамлекеттик кайрымдуулук фондун түзүү сунушталууда.
Британиядагы Slater and Gordon Lawyers юридикалык фирмасынын иликтөөсүнө катышкан түгөйлөрдүн 25% жок дегенде жумасына бир жолу Фейсбуктун айынан урушарын айтышкан.
20 жаштагы кызды өлүмгө алып келген жол кырсыгын тергөөчүлөр мурда соттолгон бейкүнөө адамдын моюнуна коюуда.
Соңку жылдары кыргызстандык кыздар арасында гуманитардык багытка ыктап, киреше булагы жогору, абройлуу деп саналган техникалык кесиптерден оолактагандар арбыды.
Белгилүү дин таануучу Кадыр Маликовго кол салды делинип Түркияда кармалгандар Кыргызстанга дагы деле алынып келине элек.
Төрт жана алты жаштагы бир тууган наристелердин ата-энеси балдарын сабап-кордогон өгөй чоң энесин жазалоону өтүнүп милицияга арыз жазышты.
4 жана 6 жаштагы бир тууган наристелер чоң энесинен запкы жеген. Бул тууралуу балдардын ата-энеси Талант Борончиев жана Жазгүл Ыдыева билдирди. Балдар бүгүн соттук-медициналык экспертизадан өтүштү.
Мусулман аялдардын “Мутакаллим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы эрте нике, молдонун, ата-эненин жоопкерчилиги туурасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
2015-жыл балдардын укуктары көп бузулганы, жеткинчектерге зордук-зомбулук күчөгөнү менен эсте калды.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусия-Түркия алакасы, Кумтөр, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөш, Орусия убада кылган ГЭСтердин курулушу, ошондой эле жеке жашоосу тууралуу суроолорго жооп берди.
Сирияга кеткендер ошол жактан биротоло жок болсо жакшы болмок. Бул тууралуу президент 24-декабрданы жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди.
Кыргыз милициясы интернет аркылуу экстремисттик уюмдарга кошулууга азгыргандарды аныктоодо жаштарды жардамга чакырды.
Экономика жана өнөр жай министрлиги казинолорду иштетүүгө кайрадан уруксат берүүнү сунуштоодо.
Бишкектеги реабилитациялык борбордо тарбияланган балдардын кышкы эс алууну АКШда өткөрөбүз деген кыялдары ишке ашпай калганы турат.
Жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештеги намазкана кайсы каражатка, кимдин колдоосу менен салынганы коомго ачык айтылышы керек деген талапты коюуда.
Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.
Дагы жүктөңүз