"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Алай районунун Мурдаш, Жошолу айылындагы жайлоолор. Бир кезде бул айылдардагы жаштардын көбү Орусияга агылып, жайлоолор ээн калган. Азыр анын көркүн жаштар ачып жаткан экен. Жайлоого эс алганы келгендер да көбөйгөнүн айтышты.
Кыргызстан жыл башынан бери эле коррупциялык кылмыштардан 6 млрд. сомдой зыян тарткан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы төрагалык ишин токтотту.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп.
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал Батукаевди абактан бошотууда мыйзамдык жагынан мүчүлүштүктөр кетпегенин белгиледи. Кримтөбөл абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин маалыматы болбогонун айтты.
Укугун коргоочулардын айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулукка көбүнесе болушары жок аярлуу катмардагы кыз-келиндер дуушар болот. "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышын Бактыгүл аттуу каармандын тагдыры менен ачтык.
96 жаштагы Керимбай Элебесов 17 жашында согушка кетип, Орусия, Украина, Беларуста согушка катышкан. Согуш талаасында эки жолу ок тийип, жараат алган ардагер от кечкен жылдар, Мекенде калган ата-энеси, 1946-жылы кайтып келип, там-туң баскан уулун көргөндөгү сезимдери менен бөлүштү.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө бийлик аралашкан жер талаш тууралуу сөз болот.
Ооруканадан балдарына, алардан энелерге ВИЧ жуккан жагдайлар кайра текшерилет.
Түркияга иштегени кеткен Алина Аскарбек кызы дээрлик бир жылдан бери байланышка чыкпай жатат.
Коомчулукта өкмөт баштаган мамлекеттик органдар жабык боло баштады деген сындар айтылууда.
2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган.
Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.
Ушу тапта кыргызстандык дыйкандардын 200 миң тоннадай картөшкөсү кампадан чыкпай турат.
Өкмөт бала бакчалардын жетишсиздигин менчик бакчалар менен кызматташуу аркылуу же мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде жоюуну көздөп жатат.
Мыйзамда зордукчул, кызыл камчы күйөөнү кокустан өлтүрүп алган учурда "Өзүн коргоо" беренеси болгону менен бул көп учурда тергөөдө же соттук териштирүүдө эске алынбай калат.
Кыргызстанда экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору баштагыдан кыйла өзгөртүлүп, парламент аны экинчи окууда жактырды.
Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолуп, 12-февралда эркиндикке чыккан саясатчы Бектур Асанов толук акталып чыгыш үчүн аракеттер улана турганын “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.
Жогорку Кеңеште “Таблиги жамаат” боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.
УКМК Бишкек жана Ош аэропортторунда бомба коюлганы жөнүндө кабар тараткандарды таба элек.
Дагы жүктөңүз