“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Өкмөт менен Азия өнүгүү банкы тарабынан Кыргызстандагы билим берүү системасын жакшыртуу максатында 1998-жылы түзүлгөн долбоор аягына чыкты. Азия өнүгүү банкы анын ишке ашуусу үчүн 13 миллин доллардан ашуун каражат бөлгөн. Бүгүн билим берүү министрлигинин өкүлдөрү долбоордун негизинде жасалган иштер тууралуу журналисттерге маалымат беришти.
Оштун Араван районундагы «Төөмоюн» айыл өкмөтүндө суу маселеси дале болсо чечилбей келе жатат. «Төөмоюндагы» Эсенбай айылы ичүүчү жана сугат сууга толук түрдө коңшу Өзбекстандан көз каранды. Суунун айынан эсенбайлыктар менен Өзбекстандык дыйкандардын, чегарачылардын ортосунда бат-бат чыр-чатактар болуп турат.
Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарын жана журналисттердин укугун коргоочу дагы бир долбоор ишке кирди. Медиа өкүлү институту деп аталган долбоордун дагы бир максаты - массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамдарды өнүктүрүү жана реформалоо болуп саналат. Институт «Интерньюс» эл аралык уюму, ЮСАИД жана Европа комиссиясынын өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн медиа өкүлү институту боюнча бүгүн Бишкекте маалымат жыйыны өткөрүлүп, анын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду.
Бириккен улуттар уюмунун «Алдын ала өнүгүү» программасынын жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча чектеш жайгашкан аймактарда эл аралык чыр-чатактардын келип чыгуусуна көп учурда жол, суу жана айдоо аянттардын талашы себеп болот. Баткен облусунун «Аксай» айыл өкмөтү коңшулаш Тажикстандын Ворух анклавы менен чектеш жайгашкан. Тажик тарап Аксайлыктарга саатына 450 литр суу берүүгө милдеттүү болсо да, көп жылдардан бери бул ишке ашпай келе жатат.
Өлкөнүн түштүк облустарында оруп-жыйноо өнөктүгү башталды. Ошол эле учурда, айыл чарба техникаларына керектелүүчү күйүүчү май кымбаттап, айрым жерлерде көк майдын (солярка) литри 15-16 сомго чыгып кетти. Бул болсо дыйкандарга кошумча кыйынчылыктарды алып келүүдө.
Сох анклавы аркылуу Оштон Баткенге каттаган Кыргызстандык жүргүнчүлөр өзбек чегарачылары жана бажы кызматкерлери тарабынан көп кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Айрыкча, паспорту Бишкек шаарында же Кыргызстандын түндүк аймактарында катталган атуулдарга кыйын. Алардан чегарачылар Өзбекстандын аймагына кирүүгө атайын уруксат - виза талап кылып кыйнашат.
«Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдатып жиберишкен 300гө жакын аманатчы бүгүн Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алар Кыргыз өкмөтүнөн жана президенттен алдатып жиберишкен акчаларын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтүүнү талап кылышты. Пикетчилерге Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков чыгып жолугуп, «Рентонгрупп» компаниясынын айланасындагы чыр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалымат берди.
15-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги бюросу "Маданий жана гуманитардык деимилгелер фонду" менен бирдикте «Шайлоо кампаниясын жүргүзүүдөгү талапкерлердин этикалык кодексин» талкуулоо өткөрдү.
Өткөн жумада Ош шаарында «Ойгон Кыргызстан жаштары» деп аталган коомдук-саясий кыймыл түзүлгөн. Ал жаштардын коомдук-саясий, атуулдук жигерин көтөрүүнү жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн күрөшүүнү максат кылат. Анын уюштуруучулары билдиришкендей, кыймыл азыркы бийликке оппозициялык маанайда түзүлгөн. Кыймыл тууралуу Кыргызстан коомчулугунун жана жаштарынын арасында түрдүү пикирлер жаралды.
14-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында 200 кишинин катышуусу менен өткөрүлөөрү белгиленип жаткан митинг болбой калды. Ал «Биз Кыргызстанда адам укугун жана эркиндигин бузуу фактыларына каршыбыз» деген атта өтмөк. Митингди уюштуруучу – укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, жыйындын болбой калышына жергиликтүү бийлик тарабынан акцияга уруксат берилбегендиги бир себеп болсо, экинчиден, ага элдин аз келгендиги да таасир тийгизди. Ошол эле учурда, митинг, пикет, жүрүш сыяктуу саясий акцияларды өткөрүү азыр өзүн актабай калды, эл мындай чогулуштарга кызыкпайт деген пикирлер да бар.
Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акун менен Токмок шаарынын тургуну Дербишаалы Сыдыгалиевдин Биринчи Май райондук жетекчилигине каршы доо арызын карап, аны канааттандырууга жатпайт деп тапты. Укук коргоочу Турсунбек Акун райондук соттун чечимине макул эместигин, эми шаардык сотко апелляциялык арыз жолдоорун билдирди.
Кыргызстанда бийлик тарабынан жарандарга тынч чогулууга жана пикет, митинг сыяктуу нааразылык акцияларын өткөрүүгө уруксат берилбей келе жатат. Ошондуктан пикеттер өтсө да алар дайыма уруксатсыз өткөрүлүп жатат деген дооматтар бийлик тарабынан коюлуп келет. Укук коргоочулардын айтуусунда, жергиликтүү бийлик жарандарга саясий мүнөздөгү гана эмес, социалдык-экономикалык маанидеги нааразылык акцияларын өткөрүүгө да тыюу салууда. 9-июнь күнү Бишкекте дагы бир уруксат берилбеген пикет болуп өттү. Талас облусунун Жонарык айлынан келген Афтандил Тынышев үй-бүлөсү менен Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты. Анын жергиликтүү жетекчиликке пикет өткөрүү үчүн уруксат сурап кайрылганынан пайда чыккан эмес, ошондуктан ал уруксатсыз пикетке чыгууга аргасыз болгон.
17-май күнү Өкмөт үйүнүн алдында укук коргоочу уюмдардын, коомдук фонддордун жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Биз тынч чогулуу мезгилинде мыйзамсыз кармоого жана камоого каршыбыз” деген чакырыктын алдында пикет өттү. Ал “Кылым шамы” коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулду. Нааразылык билдирүүчүлөр бир саат убакыт турушкандан кийин, аларга президенттик администрациядан жана өкмөт башчынын аппаратынан өкүлдөр чыгып жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Андан соң пикетчилер тарап кетишти.
АКШ менен Улуу Британиянын аскерлери тарабынан Ирактын туткунга түшкөн атуулдарын кыйноону токтотууну талап кылган нааразылык акциясы 7-май күнү Бишкекте болуп өттү.
Үй-бүлөдөгү зомбулуктан көп учурда аялдар жабыркашаары тууралуу коомчулукта көп эле сөздөр айтылат. Айрым эксперттердин пикиринде, өзгөчө элет жериндеги кыз-келиндерге кыйын.