“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Бүгүн дүйнөдөгү православ христиандары Ыйсанын туулган күнү белгилешүүдө. Буга байланыштуу биз өзүн Теңир жыйынын башчысы деп атаган Кайырбек Mаныбаевди сөзгө тарттык.
4-январда Балыкчы окуясы боюнча соттолгондордун өкүмү күчүнө кирди. Буга байланыштуу соттолгондордун адвокаты Эрмек Шаршеев “Азаттыкка” маек курду.
Жаңы жылдан тарта электр кубатынын акысы эки эсе, жылуулук менен ысык суунун баасы беш эсеге кымбаттаганы белгилүү. Тарифтердин кымбатташы азык-түлүктүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн да баасын асмандатат деген ой коомчулукту бушайман кылып турган чак. ”Шоро” компаниясынын президенти Табылды Эгембердиевдин айтымында, товарларга баанын кымбатташы биринчи иретте суроо-талапка жараша болот.
Жаңырып кирип келген жаңы жылда баалар көтөрүлөт деген божомолдор кыргыз өкмөтү энергетика акысын кымбаттаткан учурда эле айтыла баштаган. Расмий бийлик жаңы жылда инфляция 10% болот деп бекемдөөдө.
Тажикстандагы жер титирөөгө байланыштуу тажикстандык кыргыз жазуучу жана журналист Мирзохалим Каримов “Азаттыкка” маек курду.
Казакстандын Ички иштер министрлиги кыргызстандык журналист Г. Павлюкка Алматыда кол салуу факты боюнча кылмыш иши козголгондугун жарыялады. Бул аралыкта Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясы билдирүү таратып, өлкөдө журналисттерге кол салуулар күчөп, сөз эркиндигин муунтуу аракети жасалып жатат деген пикирин билдирди.
Кыргызстанда IT технология базары өнүгүүнүн үстүндө. Ушул тапта интернет аркылуу пайдаланылуучу бардык тармактар өлкөнүн дээрлик бүт аймагын камтыганы менен алардын сапатына нааразылыктар күч. Ошондой эле программа жазган адистер Кыргызстанда бул үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүгүн, өтө оор программалар үчүн аябай аз акча сунуш кылынарын айтып, нааразылыгын билдирип келишет.
Бүгүн Бишкекте “Аалам” гезитинин кабарчылары иш ташташты. Алар муну үч айдан бери айлык акыларын албагандыгы менен түшүндүрүүдө. Бул аралыкта “Фридом Хауз” уюмунун Бишкектеги көз карандысыз басмаканасы жаңы жылдан тарта гезитти басуунун баасы жогорулай тургандыгын басылма ээлерине алдын-ала эскертти. “Серепчилердин белгилөөсү боюнча каржылык каатчылыктан өзгөчө кыргыз тилдүү басылмалар жабыркап жатышат.
ЖК спикери Айтибай Тагаев Баткен облусуна губернатор болуп дайындалды. Буга карата пикирин билдирген саясатчылар Жогорку Кеңештин төрагасы деген кызматтын аброю кеткенин билдиришүүдө. Спикердин кызмат ордун ээлөөгө "Ак Жол" фракциясынан төрт депутат аракет кылууда.
Эртең, 12-декабрь - кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнү. Буга байланыштуу биз улуу жазуучунун замандашы жана калемдеши, акын Байтемир Асаналиевди түз ободогу маектешүүгө чакырдык.
Петровка чатагы, оппозициянын куугунтукталышы, жалпы эле өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Гүлзина Бейшенбаева “Азаттык” менен ой-пикир бөлүшөт.
Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан жагдай боюнча Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын төрайымы Роза Отунбаеваны сөзгө тарттык.
Кечээ эртең менен Токтогул ГЭСиндеги эки агрегат иштен чыгып, кечке жуук бирөө оңдолуп, ишке киргизилгени маалымдалган. Борбор Азиядагы эң ири ГЭСтеги акыркы жагдай боюнча түз ободо Нарын каскадынын техникалык-өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Шайлообек Дүйшөбаевге собол салдык.
Жаңы жылдан тарта баалардын көтөрүлүшү, оппозициянын айрым мүчөлөрүнүн соттолуп жатышы жана өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” маек курду.
Тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү бадал – алтыгана каптап баратканын айтып, малчылар доолбас кагып келишет. Алтыгана жыл өткөн сайын көбөйүп, адырлардан өтүп, түптүз айдың талааларды каптап, айылдарга чейин кирип келүүдө.
Бүгүн Кыргызстанда телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү. Буга байланыштуу ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси Нурлан Шакиевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда сөзгө тарттык.
Саясий куугунтуктоодон жабыркагандардын укугун коргоо комитети акыркы 3-4 жылда Кыргызстанда саясий куугунтукка туш болгондордун саны тогуз эсеге өсүп, 98ге жеткенин маалымдап атат. Бул багытта Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевди сөзгө тарттык.
Cаясатчы Табылды Акеров өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал азыркыдай чыр-чатактар, куугунтуктар менен коштолуп чыңалып жүрүп отурса, 2005-жылдагы март окуяларынын кайталанышына алып келет деп белгилейт.
4-декабрда эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму Кыргызстанга сырттан укук коргоочулар кире албай жатканына кабатырланган билдирүү таратты. Анда ошондой эле кыргыз бийлигин өлкөнүн түштүгүндө иликтөө жүргүзүп жаткан укук коргоочуларды куугунтуктоосун токтотууну да талап кылышкан. Акыркы эки жыл ичинде Кыргызстанга он чакты чет өлкөлүк укук коргоочу, журналисттер “өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган” адамдар катары киргизилбей, келген жагына кайтарылган.
Кыргызстандагы саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо комитети акыркы эки жылда өлкөдө абийир туткундарынын саны 98ге жеткенин билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз