“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Коомдук телеканал 7-февралдан бери 11-канал аркылуу обого чыгарыла баштады. Буга чейин бул каналдан Орусиянын ОРТ каналы көрсөтүлүп келген.
Баткен облусун кыдырып жүргөн президент Роза Отунбаева чек араларды тактоо ишин тездетүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.
Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Алмаз Касенов кышкы спорт оюндарын өнүктүрүү жолго коюлат деп ишенет.
Айрым аймактарда тиешелүү органдардын кылмыш дүйнөсүнүн аракетине көз жумду мамилеси элди нааразылык акцияларына чыгууга чейин алып келүүдө.
Мобилдик байланыш тармагында миллиарддаган сом айланууда. Бирок калкка бул кызматты көрсөтүп жаткан компаниялардын ишинде айкындуулук канчалык?
Бишкекте жардыргыч зат толтурулган автоунаа табылышы ансыз да кооптонуп турган жарандардын тынчсыздануусун күчөттү.
22-декабрда Бишкекте көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракесине арналган жыйын өттү. Анда Исхак Раззаковдун Кыргызстандын Союздун курамында өз алдынча республика, андан кийин эгемендүү мамлекет болуп түптөлүшүнө кошкон салымы баса белгиленди.
Президент чек аранын түштүк бөлүгүн кайтаруу күчтөндүрүлөрүн айтса, айрымдар муну кырдаалдын курч бойдон калып жатканынан кабар берерин айтышат.
Кыргызстандын атайын кызматтары 20-декабрда 92 жылдык мааракесин белгиледи. Өлкө президенти чекисттерди бир бийликке кызмат кылуу тажрыйбасынан баш тартууга чакырды.
Айлык акынын аздыгынан мамлекет тарабынан эч кандай социалдык колдоо жоктугуна нааразылыгын билдирген мугалимдер 1-декабрдан бери түрдүү акцияларды өткөрүп жатышат.
Өткөн жылы кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту Алматы шаарында белгисиз бирөөлөр колу-бутун таңып, 6-кабаттан ыргытып жиберишкен.
Мугалимдердин нааразылыгы күч алыды. 1-декабрдан бери базаркоргондук мугалимдер социалдык жеңилдиктерди берүүнү талап кылууда.
Бишкектеги №78 Көлмө орто мектебинин 11-классынын окуучусу Кадырбек Максатбаев шаардагы таштандыларды кайра иштетүү долбоорун иштеп чыкты.
Эл аралык "Фронт лайн" уюму июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырына тынчсызданууда.
Эки күн мурда Ноокендин Кызыл-Туу айылынын тургундары райакимчиликтин алдына күчөгөн мал уурулукту токтотуу талабы менен келди.
Күн санап өсүп жаткан инфляция, эмдиги жылдын мамлекеттик бюджети алигүнчө түптөлө электиги эл турмушуна кандай таасир этет?
КТРКнын башкы директорлугуна жаңыдан шайланган Кубат Оторбаев алдыда берүүлөрдүн мазмунун оңдоого, компанияны жаңы жабдуулар менен камсыздоого өзгөчө басым жасалаарын айтат.
Саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев парламентте көпчүлүк коалиция жок дегенде төрт фракциядан түзүлүш керек деп эсептейт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети экстремисттик топтор жалпы Кыргызстан боюнча 33 жерде жардыруу жасоону көздөшкөнүн билдирди.
Өткөн аптада Бишкекте 15 кг жардыргыч зат табылган. Ички иштер министри Бишкек жана Ошто ири жардыруулардын алды алынганын билдирди.
Дагы жүктөңүз