“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
15-январдагы Ош шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жашыруундугу бузулгандыгы тууралуу тасма интернетте пайда болору менен кызуу талкууга түштү.
Орусия КМШ мамлекеттеринин жарандары үчүн ички паспорт менен өлкөгө кирүүгө 2015-жылдан тарта тыюу салмакчы. Ушул тапта жарым миллионго чукул кыргызстандык мигранттар Орусияда иштеп жүрөт.
Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-классынан тартып, 11-класска чейинки окуучуларга бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү талабы мыйзам менен бекитилип, ага өткөн жылдын 30-июлунда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
БШК Оштун жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев мурда соттолгону тууралуу маалыматтарга чекит коюп, ага күбөлүк тапшырды.
Баткендин Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылы чек арачылардын жана бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Ош жана Бишкек мэрлерин шайлоо астында маалыматтык тиреш күчөдү. 13-январь күнү КТРК, ЭлТРК жана 5-каналдан Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовду бир жактуу каралаган материалдар берилди.
1-январдан тарта Орусияга кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү. Бул эң ириде эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратууда.
Жаңы башталган 2014-жылы кыргыз экономикасынын абалы, анын өсүү ыргагы ириде өлкөдөгү саясий кырдаалга көз каранды деген пикирлер басымдуулук кылууда.
3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнү. Кыргызстандагы майыптардын абалы, аларга бийликтин жана коомчулуктун мамилеси тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Кыргызстандыктар өзүнүн же жакындарынын «кара тизмеге» кирген-кирбегенин интернет аркылуу текшере алат.
Кумтөр келишими боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөр өтүп, тараптар бир пикирге келише алган жок. Сүйлөшүүгө кыргыз өкмөтү тараптан катышкан юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Элеттик аялдардын эл аралык күнү 15-октябрда "Азаттык" алардын саламаттыгына, ишкерлик кылуу аракетине, үй-бүлөлүк турмушуна жана эс алуусуна кызыкты.
Кара-Суу районундагы Жаңы-Кыштак айылынын тургундарында дээрлик 30% өздүгүн тастыктаган документи жок.
Бүгүн Бишкектеги юридикалык академияда Конфуций классы ачылды.
Сыртта жүргөн кыргыз ишкерлер Кыргызстандын экономикасына салым кошуу максатында түзгөн көп үлүштүү акционердик коом кандайча иштейт?
Кыргызстандагы тоо-кен тармагынын кесиптик кошууну коомчулукка тармактын ишине тоскоолдук кылбоону, өлкөдөгү пайдалуу кен-байлыктарды экономикалык өсүш үчүн казып, иштетүүнү жөнгө салуу сунушу менен чыгышты. Айрым баалуу кен байлыктар казылып жаткан аймактарда жергиликтүү тургундар экологияны сактоо үчүн тоо-кен тармагын иштетүүгө каршы чыгып келишкени белгилүү.
29-30-август күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 2-форуму өттү. Анда ишкерлер Кыргызстандын экономикасына салым кошуу максатында биргелешип, көп үлүштүү акционердик коом түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.
1-августта Москвада мигранттарды депортацияга чейин кармай турган чатыр лагер ачылды.
Сочи олимпиадасынын алдында Орусияда мигранттарды текшерүү жана өлкөдөн чыгаруу чарасы көрүлө баштады.
Кыргызстанда ички учак каттамдары жандана баштады. Региондорго ачылып жаткан учак каттамдары өзүн актайбы, келечеги барбы?
Дагы жүктөңүз